Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Жапония Фукушимадагы кырсыктын 10 жылдыгын эскерүүдө


Япония, 2021-жылдын 11-марты.

Жапония мындан туура 10 жыл мурда болгон катуу цунаминин курмандыктарын эскерип жатат.

Табияттын албуут кырсыгынан кийин Фукушима атомдук станциясы жарылган болчу.

Аман калгандар бир мүнөт унчукпастан курман болгон жакындары үчүн сыйынып, алардын жаркын элестерин эскеришти. Император Нарухито өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана аймакты калыбына келтирүү иши аягына чыга электигин белгиледи.

2011-жылдын 11-мартында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө цунамиге алып келип, шаар-кыштактар, инфраструктура кыйрап калган. Кырсык 18 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган. Жарым миллиондой киши жер которууга аргасыз болгон. 10 жыл өтсө да 40 миңден ашуун жергиликтүү тургун үйүнө кайта албай жатат.

Фукушима Даичи атом станциясы аварияга учурагандан кийин айланасы дагы деле радиокативдүү кооптуу аймак деп саналат.

Жолдорду, турак жайларды жана башка керектүү объекттерди кайра курууга 30 триллион йен (280 миллиард доллар) жумшалганы менен жээкке жакын жерлер бош бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG