Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

ТИМ: Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын “Жол картасы” түзүлүүдө


ТИМ башчысы Руслан Казакбаев.
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясы багытында биргелешип иштөөнүн “Жол картасын” түзүп жатышат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине 10-мартта курган маегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Министрдин айтымында, иш-чаралардын планына бүгүнкү күнгө карата 19 долбоор кирди.

Алардын арасында Өзбекстандын Сох жана Кыргызстандын Баткен райондору чектешкен жерге биргелешкен индустриалдык соода-логистика борборун, картошканы кайра иштетүү заводун куруу, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ишкананы өнүктүрүү, кварц куму чыгуучу кенди биргелешип иштетүү, күнөскана комплекстерин, мөмө-жемишти сактоо борборлорун ачып, өстүрүлгөн продукцияны Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына чыгаруу долбоорлору бар.

Президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация бүгүн, 11-мартта эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Ташкентте саясий жана соода-экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөр өтөт.

Министр Казакбаев кошумчалагандай, эки өлкө ортосунда уставдык капиталы 50 миллион доллар боло турган кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү тууралуу да сүйлөшүүлөр журүп жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы сооданын көлөмү тууралууу кыргыз тараптын расмий маалыматы ачык булактарда жок. Өзбек тараптын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2020-жылдын 10 айында 736 миллион долларды түзгөн, анын 622 миллиону Өзбекстан экспорттогон товардын акчасы. (RK)

XS
SM
MD
LG