Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Депутат Бакиров: Өкмөт иштебей жатат, кымбаттоо чоң чыңалууга алып келет


Депутат Өмүрбек Бакиров.
Депутат Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу ишин аткарбай жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты жана азык-түлүктүн улам кымбаттап жатышы эл арасында “чоң чыңалууга алып келет” деген кооптонуусун билдирди:

“Өкмөт иштебей жатат. Кандай чоң үмүт менен колдоп бердик эле! Премьер-министр эмне кылып жатат? Азык-түлүк коопсуздугу өтө коркунучтуу абалда турат. Кымбаттоо коомчулукту чыңалууга алып келип турат. Өкмөт бир механизм иштеп чыгышы керек. Айыл чарба министрлигинин алдында азык-түлүк коопсуздугу боюнча департамент бар. Ошонун аты эле болбосо, эч кандай иш кылган жок. Баанын күндөн-күнгө көтөрүлүшү эртең чоң чыңалууга, элдин нааразылыгына алып келет”.

Кыргызстанда соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо болууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда “Фейсбук” аркылуу түз эфирге чыгып, азык-түлүктү арзандатуу аракети көрүлүп жатканын айткан жана Орусиядагы, Казакстандагы товар жөнөтүүчүлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, атайын жарманкелер уюштурулганын, сырттан ташылып келүүчү айрым продукцияны өзүбүздөн өндүрүүгө өтүү боюнча тапшырма берилгенин, дыйкандарга жеңилдетилген насыя бөлүнүп турарын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG