Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Туш кийиз философиясын жайылткан akbata.online санарип долбоору башталды


Кыргызстанда akbata.online деп аталган санарип интерактив долбоор ишке кирди. Анда кыргыз аялдары тиккен туш кийиздин кыз-келиндердин тагдырындагы орду жана мааниси камтылган. Долбоор заманбап санарип ыкмалар менен интерактив документалистика багытында жасалды.

Интернеттеги бул жаңы баракчанын негизинде Бишкектеги Көркөм өнөр музейинде 13-марттан 31-мартка чейин "Аруу эне батасы" деген инсталляция көргөзмө уюштурулат.

Долбоорду аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу багытында иштеген "Айкын багыт" коому уюштурууда.

Интерактив онлайн долбоорду Санкт-Петербургдагы "Гонзо Дизайн" уюмунун адистери жасап берген.

Санарип долбоордогу видеодон алынган сүрөт.
Санарип долбоордогу видеодон алынган сүрөт.

Уюштуруучулар кыз-келиндердин кубаныч-кайгысы туш кийиздерде кандай чагылдырылганы, сүрөттөр жана элестер аркылуу аялдардын тагдыры кол эмгекке түшүрүлгөнү тууралуу маалыматтарды жайылтууну көздөшөт.

Санарип долбоорго колдонулган сүрөт.
Санарип долбоорго колдонулган сүрөт.

Баракчада сүрөттөр, оймо-чиймелер документалистика ыкмасына салынып, элестер жандуудай көрүнөт. Долбоорго түрдүү аймактардагы жети апа тартылган. Алар өздөрү же чоң апалары тиккен туш кийиздер тууралуу баяндап, жашоодогу таасири жөнүндө айтып берет.

akbata.online тууралуу подкаст
Жети апанын туш кийиз философиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:52 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG