Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18

Күйүүчү майдын күн санап өскөн баасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү май дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Жыл башынан бери Кыргызстанда мунай наркы күн сайын өсүп бензин 32 сомдон 45 сомго жетсе, дизел 40 сомдон ашты.

Кымбаттоонун беш себеби

Кыргызстанда бензиндин литри 50 сомго, дизел 45 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги күйүүчү жана майлоочу май наркынын өсүшүнүн себептерин атады:

  • Дүйнөдө мунайдын баасы өстү;
  • Пандемияга байланыштуу Орусияда мунай заводдорунун өндүрүшү азайды;
  • Орусияда жазгы талаа иштерине байланыштуу күйүүчү майга суроо-талап өстү;
  • Орусияда күйүүчү жана майлоочу майларга акциздик салык жогорулады;
  • Кыргызстанда сомдун долларга карата куну түштү.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-марттагы отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү май боюнча сандарга токтолду.

«Маалымат боюнча Орусиянын мунай заводдорунда 1 тонна бензин үчүн 100-150 долларга чейин көтөрүлөт. Демек, Кыргызстанда 7 сомдон 10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми дизел заводдордо 40-60 долларга чейин көтөрүлсө, бул Кыргызстанда 3 сомдон 4 сом 80 тыйынга чейин жогорулашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт».

Азыр Бишкектеги май сатуучу жайларда АИ-95 бензини 44 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 42 сом 50 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 40 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Жалпы жолунан январь айынан тартып бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.

Айрыкча жазгы талаа иштери кызый баштаганда күйүүчү майдын баасынын күн санап өсүшү дыйкандарды убайымга салды. Чүйдөгү ири фермерлердин бири Манас Саматов агынан жарылды.

«Айла жок сатып алабыз. Күн сайын кымбаттап жатат. Мындай улана берсе чапаныбызды желкеге илип, чет мамлекетке чыгып кетебиз го. Дыйкан калбайт, анан кымбатчылык басат. Өтө тездик менен ушуга бара жатабыз. Мисалы, кант кызылчасын айдоо 16 миң гектардан 8 миң гектарга түштү. Эмне болду? Кумшекердин баасы асманга чыкты».

Эмнеге мунайды Орусиядан гана алабыз?

Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна күйүүчү май керектесе, анын 20% гана жергиликтүү мунай заводу жабат. Пандемияда кыргызстандык заводдор дээрлик иштеген жок. Демек, толук Орусиядан ташылып келүүдө. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бейшенаалы Нурдинов күйүүчү май импорту эмнеге бир гана өлкөдөн көз каранды экенине кызыкты.

«Эмнеге биз Орусиядан гана алабыз? Иран, Түркмөнстан, Азербайжан деген бар. Алардан алсак болбойбу?».

Депутаттын бул суроосуна Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов минтип жооп берди.

«Бүгүнкү күндө Орусиядан алган ыңгайлуу. Өкмөт аркылуу келишим менен өлкөдөн чыгарууда бажы төлөмү жок берилет. Маселен, Казакстан менен деле ошондой келишим түзөлү деп төрт жылдан бери сүйлөшүү бүтө элек».

Майдын баасын арзандатса болобу?

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кандай аныкталарын түшүндүрүп берели. Маселен, 1 литр бензиндин баасын 45 сом деп алсак, анын 55% башкача айтканда 24 сом 75 тыйыны заводдон сатып алынган сумма.

Мамлекетке төлөнүүчү салыктын түрлөрү, ташып келүү жана башка чыгымдары 43,5%, сом менен айтканда 19 сом 57 тыйын. Ал эми 1 литр бензиндин баасы болгон 45 сомдун киреше пайызы 1-1,5 - башкача айтканда 0, 67 тыйын болуп эсептелет.

Кыргызстан мунай ташуучулар бирлиги күйүүчү майдын баасын убактылуу кармап туруу үчүн акциздик салыкты төмөндөтүүнү сунуш кылып келет. Кыргызстанда акциздик салык катары бензиндин тоннасына (литрине 4,12 сом) 5000 сом алынат.

Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатовдин пикиринде ата мекендик өндүрүштү иштетүү менен гана мунайды элге жеткиликтүү баада сунуштоого болот. Ансыз импорттон көз каранды товардын баасын көзөмөлдөөдө мүмкүнчүлүк аз.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов.
Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов.

«Кыргызстанда тогуз завод бар. Тогуз заводдун кубаттуулугу 2 млн. тонна мунай өндүрүүгө жетет. Тогуз завод толук кандуу иштесе көз карандылык азаймак. Чалгындоо жүргүзүлгөн мунай аймактары бар. Жок дегенде 50% өзүбүздү камсыздоого жетсек, бааны көзөмөлдөө оңой болмок», - деди Эшатов.

Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Казакстанда күйүүчү май эң арзан өлкө болуп саналат. Кыргыз өкмөтүнүн 1-мартагы расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда - АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 40,9 сом болсо, Казакстанда – 31,5 сом, Орусияда – 50,5 сом, Беларуста – 56,7 сом, Арменияда – 61,5 сом деп эсептелди. Бирок бул өлкөлөрдө орточо айлык Кыргызстандан бир аз жогору экени белгилүү.

2025-жылы ЕАЭБ биримдиктеги өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасын бирдей кылуу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Кыргызстанда катталган автоунаалардын саны 1,5 миллиондон ашкан. Алардын дээрлик бардыгы күйүүчү майды керектейт.

GlobalPetrolPrices.com эл аралык порталынын 2021-жыл 8-февралдагы маалыматына ылайык, мунайдын баасы боюнча 181 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 12-орунда турат. Сайттын маалыматында сырттан мунай импорттогон мамлекеттердин арасынан күйүүчү майдын баасы арзан деген рейтингде Кыргызстан биринчи орунда турганы жазылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG