Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Орусия менен Казакстан мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү сунуш кылышты


Орусия менен Казакстан ОПЕК+тун жолугушуусунда мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөгөнүн билдиришти. Калган мүчө-мамлекеттер коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу күйүүчү майды керектөө кандай болору белгисиз деп камтама болгон ойлорун ортого салышты. Жыйын 5-январда уланууда.

ОПЕК жана ОПЕК+ картелине кирген мунай өндүрүүчүлөр декабрда өткөн жыйында январда суткасына 500 миң баррел мунай казуу тууралуу макулдашкан.

4-январдагы кездешүүдө Орусия жана Казакстан февралда көлөмдү көбөйтүүнү сунуш кылышты, бирок Ирак, Нигерия жана Бириккен Араб Эмираттары мунай өндүрүүнү туруктуу деңгээлде кармап туруш керек деп эсептешет.

ОПЕКтин де-факто лидери болуп саналган Сауд Арабиясы менен Орусиянын былтыр мартта мунай өндүрүү квотасы боюнча талашы бир күндө кара майдын мурда болуп көрбөгөндөй арзандашына алып келген.

Айрым талдоочулар май айына чейин мунай өндүрүү көбөйтүлсө, бааларга залакасы тийерин эскертишет.

XS
SM
MD
LG