Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

«Жалпы иш»: Айрым талапкерлер добуш сатып алып, административдик ресурс колдонуп жатышат


Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин айрымдары шайлоочулардын добушун сатып алып, аларга кысым көрсөтүп, административдик ресурс колдонуп жатышат. Бул тууралуу 5-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Фонддун координатору Арсланбек Өмүрзаковдун айтымында, 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүлүп, 53 мыйзам бузуу катталды.

«Шайлоочулардын добушун сатып алуу, андан тышкары басым жасалып жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө», - деди ал.

Фонддун маалыматына караганда, 53 фактынын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Айрымдары боюнча арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлдү.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөнү жатат. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG