Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

УКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакырууларын тоготпой жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакырууларын тоготпой жатат деп эсептейт. Бул тууралуу 5-январда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдиргендей, күбө катары суракка чакырылып жатканы тууралуу кагаз Калиеванын өз колуна 30-декабрда тапшырылган.

«Бирок ошол эле күнү Калиева өзү жана адвокаты жактоочу бош эместигине байланыштуу тергөө иш-аракеттерин 4-январга белгилөө боюнча кат түрүндө арыз жазып жиберген. 4-январда адвокаты Калиеванын саламаттыгы начарлап, ооруканага жаткандыгына байланыштуу тергөө органдарына бара албай тургандыгы тууралуу кат жиберген. Калиеванын жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде аны эч ким суракка чакырбаганы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт».

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Тартип комиссиясы бул маселени азырынча карай элек.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG