Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүн жетектейт


Эркин Тентишев.
Эркин Тентишев.

Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 10-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага чейин Мариповдун дагы бир буйругу менен Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.

Ишкер Эркин Тентишев 58 жашта. Ал бир нече компания жана фирмалардын, Канттагы медициналык окуу жайдын негиздөөчүсү.

Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровду колдогону айтылган. Канттагы өзүнө таандык медициналык институттун студенттерин Жапаровго добуш берүүгө чакырганы тууралуу видеосу Интернетте тараган.

БШКнын жумушчу тобу ага 7500 сом айыппул салууну сунуштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG