Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Депутат Төрөкулов үй камагына чыгып, Конституция карала турган жыйынга катышууда


Депутат Дүйшөн Төрөкулов. 2021-жылдын 11-марты.
Депутат Дүйшөн Төрөкулов. 2021-жылдын 11-марты.

Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди.

Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылууда.

Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. "Макул" деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шектелип 15-январда кармалган болчу. Сот анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.

Депутаттын өзү "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ага коюлган айыпты "баардыгы жалган жалаа" деп, өзүнүн кармалышын "аша чабуу" деп баалады.

Буга чейин Төрөкуловдун абактан бошотулганы тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG