Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Нарында эки адам «Йакын инкар» агымынан чыкты


"Йакын инкар" кыймылынын мүчөлөрү. Кадамжай району, Баткен. (архивдик сүрөт).
"Йакын инкар" кыймылынын мүчөлөрү. Кадамжай району, Баткен. (архивдик сүрөт).

Облустук казыяттын кызматкерлери менен чогуу өткөрүлгөн иш-чарада аталган эки жаран жаңылганын эл алдында айтып, өз ыктыяры менен тыюу салынган агымдын катарынан чыккан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) кабарлады.

Аталган уюм учурда диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу иштеринин алкагында Нарын облусундагы диний кырдаалга байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Анын жүрүшүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын инкар» агымына тургундарды азгырып жүргөндөр аныкталган.

«Йакын инкар» агымы - «Таблиги жамаат» уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG