Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Жарандык көзөмөл комитети аялдар тууралуу насааттарга түшүндүрмө берүүгө муфтиятты чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитети мечиттердин биринде тартылган видеого жана аялдар тууралуу диний насааттарга байланыштуу билдирүү таратты.

Интернетте тараган видеону "кыз-келиндерге каршы багытталган" деп баалап, ага расмий жооп берүүгө, көз карашын билдирүүгө Мусулмандар дин башкармалыгын (муфтиятты) чакырды.

"Муфтият ушул видео боюнча, ошондой эле аялдардын укуктарын бузууга багытталган чакырыктарга карата жеткилең түшүндүрмө берип, өз көз карашын расмий билдирүүгө тийиш. 8-Март - кыздардын жана аялдардын укуктарын коргоону эске салган мамлекеттик расмий майрам күнү болуп саналат" деп жазылган маалыматта.

Мечитте диний кызматкер эч кандай китепти же жазылманы колдонбой, булактарга шилтеме кылбай эле аялдар тууралуу насаат айтып жатканы тынчсыздануу жарата турганын билдирди. Туура эмес насааттар ислам дининин баалуулуктарына, Куранга каршы келерин белгиледи.

Муфтияттын басма сөз кызматы бул кайрылууга "ислам динине таандык Орозо айт жана Курман айт майрамдары бар, мамлекет тарабынан бекитилген расмий майрамдарды майрамдоо же майрамдабоо ар кимдин өзүнүн ыктыяры" деп жооп берди. Насааттар тууралуу комментарий бере элек.

Башкармалыктын маалыматына караганда, муфтият майрамга эч кандай чектөө коё албайт, мамлекеттин иштерине жана саясатка аралашпайт. Ал эми талкууга түшкөн видео 2019-жылы Ош облусундагы мечиттердин биринде тартылганы, анда насаат айткан киши азыр имам болуп иштебей калганын кабарлады.

Сөз болуп жаткан видеодо имам эркектер аялдардын кийим-кечегине чейин көзөмөлдөп турушу керек деген таризде сүйлөгөн. Мусулмандар 8-Мартты белгилеп кереги жок экенин да айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG