“Юристтер адам укуктары үчүн” уюму COVID-19 шартында Кыргызстандын жабык жайларындагы медициналык абал тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда абактардагы адамдардын дарылануу мүмкүнчүлүгү чектелгени айтылат. 2020-жылы жабык мекемелерде пневмониядан 6, коронавирустан 2 киши каза тапкан.
Абактардагы эпидемиологиялык абал
Коронавирус пандемиясы башталганы Кыргызстандын жабык жайларындагы медициналык абал талаштуу маселеге айланган. Бир катар укук коргоочулар абактардагы эпидемиологиялык кырдаалга кабатыр болуп жатышканын билдирип чыгышкан. Бирок Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) түрмөдө бардык санитардык эрежелер сакталып жатканын, андыктан кооптонууга негиз жоктугун байма-бай айтып жатты.
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып кармалып, кийин үй камагына чыккан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Кыргызстанда коронавирус илдети күчөп турган учурда абакта жаткан. Ошол кезде ал өзүндө да коронавирустун симптомдору байкалганын билдирген:
“Үстүртөн келип эле дене тапты текшерип кетчү. Менде коронавирустун симптомдору бар эле. Бирок мени текшерип, жыйынтык чыгарган эмес. Арабызда катуу ооругандар да болду. Аларды дарылоочу жайга алып барышып, дары беришти, деп уккам. Тамчылатма дары алгандар да болгон”.
Былтыр октябрь айында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы абактардагы эпидемиологиялык абал тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Анда №47 колонияда 1000ден ашык адам пневмониянын симптомдору менен медициналык тейлөө кызматына кайрылганы жана 6 адам каза болгону жазылган.
ЖАМК бул айтылгандарды четке каккан. Бирок, ошол эле учурда 2020-жылы жабык жайлардагы 6 адам өпкөсүнөн кагынып, 2 адам коронавирустан каза болгонун билдирген.
2020-жылы июль айында өмүрүнүн акырына чейин кесилип абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров эки тараптуу пневмониядан көз жумган.
Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да пневмонияга чалдыкканы тууралуу сөз болгон.
ЖАМКнын төрөгасынын орун басары Рахатбек Жапаров буларды айтты:
“Коронавирус илдети күчөп турган учурда бизге караштуу бардык мекемелерди карантинге жаптык. Ошол кезде коргонуучу каражаттар жетишсиз болду. Беткап издеп калдык. Ошентсе да санитардык эрежелерди туура сактадык. Мунун негизинде биз чоң жоготууларга учураган жокпуз. Абакта отурган 1-2 кишиге эле коронавирус жукса бат эле тарап кетмек. Ооруну жашырды деген туура эмес маалымат. Ошентсе да абактарда 44 адам пневмонияга, 2 адам коронавируска чалдыкты. Бул эң төмөнкү көрсөткүч деп айтсак болот”.
ЖАМКтын маалыматына караганда, былтыр жай айында коронавирустун эпкини күчөп турган учурда обсервацияга жана изоляцияга өзүнчө бөлмөлөр даярдалган. Абактарда 250 медицина кызматкери иштеген. Жасалма дем алдыруучу аппарат жана концентратор коюлган.
Абактарда дарыгерлер тартыш
“Юристтер адам укуктары үчүн” уюму адистер менен чогуу жасаган иликтөөдө негизги курч маселе катары жабык мекемелердеги дарыгерлердин жетишсиздиги айтылат.
Шартка ылайык Кыргызстандагы 18 колонияда 304 медкызматкерге штаттык орун бар. Анын 85и врачтардын, 125и медайымдардын орду. Калганы кенже кызматтагы жумушчулар. Бирок ушул тапта 49 врач, 107 медайым гана иштеп жатат. Бул цифра абактардагы медиктердин тартыштыгы 50% чейин дегенди түшүндүрөт.
“Юристтер адам укуктары үчүн” уюмунун жетекчиси Асель Койлубаева буларга токтолду:
“Буга чейин жабык жайлардагы медициналык тейлөөнү Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп бериш керек, деген сунуштар айтылып келген. Бирок, пандемия Саламаттык сактоо министрлигин акыбалын көрсөттү. Өздөрү кыйын абалга кептелип турушат. Ошондуктан ЖАМКдагы медициналык кызматты күчтөндүрүү керек деген жыйынтык болуп турат. Бул сөз боюнча калып калбаш үчүн иликтөөдө бардыгын ийне-жибине чейин көрсөтүп бергенге аракет кылдык. Кадр жана каржы маселесин чечүү керек”.
Сөз болуп жаткан уюмга “Сорос-Кыргызстан” фонду көмөк көрсөткөн. Фонддун саламаттык сактоо боюнча өкүлү Илимбек Садыков 2020-жылы Кыргызстандын жабык жайларына 9 миллион сомдук медициналык жабдуулар, коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер сатылып берилгенин айтты.
“Пандемия боюнча биз ишибизди токтото элекпиз. Анткени азыр абал көзөмөлдө, деп айтышка болбойт. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жаза өтөп жаткан адамдардын медициналык жардам алуу укуктарын кеңейтүү боюнча дагы иштер жүрөт",-деди Илимбек Садыков.
“Юристтер адам укуктары үчүн” уюмунун жетекчиси Асель Койлубаева абактардагы ооруларды алдын алуу үчүн Өкмөткө жолдогон сунуштарга токтолду:
“Адамдарды жабык жайларга отургузуп коюу менен маселе чечилбейт. Абактардагы ооруларга көңүл буруу абзел. Соттолгондор жабык мекемеде жатып оору жугузуп алып анан эркиндикке чыгышат. Ал оору коомго тарайт. Илдеттин жайылуу коркунучу күчөйт. Өлүм-житимдер көбөйөт. Мына көйгөй ушунда. Бул жалпы коомчулуктук көйгөйү. Ошондуктан биз электрондук браслеттерди иштеп чыгуу маселесин көтөрүп чыктык. Мына сот реформасынын алкагында пробация аттуу түшүнүк кирип жатат. Ошонун негизинде сот жообуна тартылган адамдардын баш коргоо чарасын үй камагында кармоо түрүн көп колдонууну сунуш кылып жатабыз. Электрондук браслеттер менен электрондук мониторинг кылыш керек”.
Ушул күндөрү Кыргызстандын абактарында 8724 киши кармалып жатат. Анын 324ү аял. 60 жаштан ашкан 139 киши бар.
183 киши ВИЧ-инфекциясына чылдыккан. Кургак учук менен 59 адам ооруйт. 83 адам баңги заттан, 22 адам алкоголго көз каранды.
2020-жылы Кыргызстандагы жалпы жабык мекемелерде 51 адам каза тапкан, алардын ичинен оорудан үзүлгөндөр 45 киши.
2019-жылы 54, 2018-жылы 65 адам абактарда жарык дүйнө менен кош айтышкан.