Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Президенттикке ат салышкан 11 талапкердин 11 миллион сомдук күрөөсү мамлекетке которулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик шайлоого катышып, жалпы добуштардын бир проценттен кем эмесин алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 10-марттагы маалыматына караганда, күрөөгө коюлган бир миллион сомдук каражаттары Садыр Жапаровго, Мыктыбек Арстанбекке, Клара Сооронкуловага, Имамидин Ташовго, Абдил Сегизбаевге, Адахан Мадумаровго жана Бабур Толбаевге, жалпысынан жети миллион сом кайтарылды.

Калган 11 талапкердин миллион сомдук күрөөлөрү алар добуштардын бир пайызынан көбүн ала албагандыктан республикалык бюджетке которулду.

2017-жылы президент болуп алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктын натыйжасында кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген. Жаңы президенттик шайлоо быйыл 10-январда өтүп, 79,84% добуш менен Садыр Жапаров уткан. Шайлоого 17 талапкер катышкан, бир талапкер ат салышуудан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG