Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Сегизбаевдин иши: Журналист Канат Каниметов УКМКда сурак берип жатат


Журналист Канат Каниметов.
Журналист Канат Каниметов.

Журналист Канат Каниметов 11-мартта Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.

Бул тууралуу Каниметов "Фейсбуктагы" баракчасында жазып, чакыруу УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин иши менен байланыштуу экенин билдирди.

"УКМКга суракка чакырышты. Сегизбаевдин иши боюнча. 15:00гө. Тергөөчүнүн аты-жөнү Санжар Жантаев. Бара жатам", - деп жазды Каниметов.

Журналисттин жакындары тергөөчү телефон аркылуу 2015-2016-жылдарда жарыяланган билдирүүлөргө байланыштуу аны суракка чакырып жатканын айтканын маалымдашты. Бирок ал кайсы билдирүү экенин жана кай жакка жарыяланганын тактаган эмес.

Сегизбаевдин шайлоо штабынын өкүлдөрү Канат Каниметов штабда иштебегенин, анын эмне себептен бул иш боюнча сурак берип жатканы түшүнүксүз экенин айтышты.

30 жаштагы Канат Каниметов "Апрель" телеканалынын журналисти. Ага дейре КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасында иштеген.

Жалпысынан алты кылмыш иши боюнча шек саналып жаткан Абдил Сегизбаев азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Ал камакка алынардын алдында өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Буга чейин УКМК Сегизбаевдин шайлоо штабда иштеген Алмаз Үсөновду, Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган. (NT)

XS
SM
MD
LG