Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

“Супара” этнокомплексинде интерактивдүү музей ачылды


“Супара” интерактивдүү музейи бир нече бөлүмдөн турат.
“Супара” интерактивдүү музейи бир нече бөлүмдөн турат.

Бүгүн, 11-мартта Бишкектин чет жакасындагы “Супара” этнокомплексинде интерактивдүү музейдин ачылышы өттү. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, президенттин жубайы Айгүл Асанбаева, коомчулук өкүлдөрү, музей таануучу адистер жана өнөр чеберлери катышышты.

Экс-президент Роза Отунбаева (солдон биринчи), президенттин жубайы Айгүл Асанбаева (солдон төртүнчү).
Экс-президент Роза Отунбаева (солдон биринчи), президенттин жубайы Айгүл Асанбаева (солдон төртүнчү).

"Шоро” компаниясынын жана “Супара” этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин элесине арналган музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган.

Музей Эгембердиевдин бейнесине арналган бөлүктөн жана ат жабдыктары, тери менен темирден жасалган идиш-аяк, жыгачтан жасалган буюмдар, жаргылчак, туш кийиздер көргөзмөсү, улуттук оюндар, улуттук музыкалык аспаптар жана зер жасалгалар деген өз-өзүнчө бөлүмдөрдөн турат.

Экс-президент Роза Отунбаева.
Экс-президент Роза Отунбаева.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстанда буга чейин бир дагы этнографиялык музей болбогонун, Тарых музейи бир нече жылдан бери жабык турганы өкүнүчтүү экенин айтып, “Супара” интерактивдүү музейи улуттук баалуулуктарды таанууга жана коргоого, туристтерди тартып, туризмди өнүктүрүүгө салым кошорун айтты.

Музейдин экспонаттарынын арасынан полимер чоподон жасалган майда миниатюраларды да көрүүгө болот. "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деген миниатюралык композицияларды уюштуруучулар музейдин сыймыгы деп атап жатышат. Алардын айтымында, буга чейин Кыргызстанда мындай экспонаттар болгон эмес.

Этнографилык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, демөөрчү жана публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.

Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөгө 2016-жылы жабылган бойдон ачыла элек. 2018-жылы Башкы прокуратура ремонт иштеринин натыйжасында мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын айтып чыгып, бир катар мурдагы жетекчилер соттолгон. (RK/GT)

XS
SM
MD
LG