Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Хайреттин Ивгин жазган “Манас” эпосунун варианты кыргызча которулду


 Түркиялык жазуучу Хайреттин Ивгиндин китеби.
Түркиялык жазуучу Хайреттин Ивгиндин китеби.

Бишкекте 10-мартта Түркиянын белгилүү жазуучусу, адабиятчысы жана фольклор таануучусу Хайреттин Ивгиндин “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” деген романынын бет ачары болду.

Аталган роман буга чейин Түркияда үч жолу басылып чыккан. Бул ирет кыргыз тилинде жарык көрдү.

Иш-чарага китептин автору Хайреттин Ивгин, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) уюмунун Кыргызстандагы координатору Осман Уста баш болгон өкүлдөр, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, жергиликтүү окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.

“Манас” эпосу кытай, англис, немис, француз, жапон, перс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур тилдерине которулган.

Үчилтиктен турган эпос ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. (MZh)

XS
SM
MD
LG