Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Депутат Төрөкуловду камактан чыгаруу себептери айтылды


Дүйшөн Төрөкулов.
Дүйшөн Төрөкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө даярдыгын билдиргендиктен, туруктуу жашаган жери бар жана үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам болгондуктан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 11-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Төрөкуловдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-майга чейин узартылды.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып, 15-январда эки айга камакка алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталганын, өзү аталган мекеменин тергөө абагына отургузулганын кабарлаган.

Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

Депутат өзү 11-мартта "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ага коюлган айыпты "бардыгы жалган жалаа" деп, өзүнүн кармалышын "аша чабуу" деп баалады.

Ушул эле күнү ал парламентте Конституцияны референдумга чыгаруу тууралуу чуулгандуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүүгө катышып, колдогон добушун берди. (RK)

XS
SM
MD
LG