Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

Ош: иштен кеткен вице-мэр шаар башчысын сындады


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана мурунку биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана мурунку биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев.

Ош шаарынын кызматтан кеткен биринчи вице-мэри шаар башчысы Таалайбек Сарыбашевди жана ал жетектеген мэриянын иш жүргүзүүсүн сындап чыкты.

2 ай мурун кызматка келген Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев кызматтан кетип, анын ордуна мурунку губернатор Байыш Юсуповдун баласы Замир Юсупов келген.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында кызматкерлердин алмашуусу коомчулукта талкууга алынып, Турганбаев болсо иштен негизсиз эле алынып калганын айтып чыкты.

«Саясий көз карашыбыз келишпейт экен»

Мурунку биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев 5-март күнү Адыл Акжол уулунун "Ютубдагы" каналына интервью берип, мэр менен саясий кызыкчылыктары туура келбей калганы үчүн иштен кетүүгө аргасыз болгонун айтып чыкты:

«"Экөөбүздүн саясий көз карашыбыз, кызыкчылыктарыбыз келишпейт экен" деп түшүндүрдү. "Шайлоодон кийин Жылдызбек Тургунбаев мэр болот" деген сөздөр чыгып кетти. Сен элди экиге бөлүп жатасың, мага шайлоонун алдында бул нерсе керек эмес. Ошондуктан сен арызыңды жазып кет же болбосо мен өзүм берене менен кетирем" деп айтты».

Ал ошондой эле жаңы биринчи вице-мэр дайындалганы тууралуу маалыматты Интернеттен окуганын айткан.

Турганбаевдин маеги чыккан күндүн эртеси эле мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анын айткандарын төгүндөп, ал иштен мыйзамдын негизинде кеткенин маалымдады:

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Жеке сүйлөшүүлөрү жөнүндө маалыматтарды билбейм. Өзүнүн арызы менен кызматтан кеткенин билем. Анчалык эле чоң саясатка айландыруунун кереги жок. Бул шайлоо алдындагы кадрларды алмаштырууга да тиешеси жок. Кечээ "вице-мэрлер мэрдин сөзүнөн чыкпайт" деп айтып жатат. Бул логикага да жатпайт. Эртең партиялардын тизмелери чыкканда көрөсүңөр, Ош шаарындагы вицелер кайсы партиялардан кетип жатканын».

Биринчи вице-мэр шаардагы экономика тармагына жооптуу. Турганбаев жумушка жаңы дайындалганда аны тажрыйбалуу адис катары сыпатташкан.

Жылдызбек Турганбаев 2019-жылдын июль айынан бери Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп турган. Ага чейин түштүк аймагы боюнча, Ош шаарында, Өзгөн, Ноокат райондорунда салык кызматын жетектеген.

Ош шаары.
Ош шаары.

«Бюджет көбөйгөн жок»

Турганбаев интервьюсунда мэриянын экономикалык саясатын сынга алып, шаардын бюджети көбөйбөй жатканын айткан:

«Ош шаарынын 2021-жылкы бюджети 1 миллиард 370 миллион сом деп кабыл алынды. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2, 1 пайызга гана өсүш болду. Бул — өсүш эмес. Бюджетти түптөй турган бардык булактарды инвентаризация кылыш керек эле».

Шаар бийлиги буга чейин бюджеттеги каражаттын көбөйбөй жатканын пандемияга байланыштырган.

Ош шаары.
Ош шаары.

Турганбаев муниципалдык ишканаларда каражаттар уурдалып жатат деп шек санап, ага ошол ишканадагы кызматкерлердин айлыгы аз болгонун себеп катары көрсөттү. Бирок аны мэриянын басма сөз кызматы четке кагып, Турганбаев минималдуу айлык акыны жалпылаштырып айткан деди. Кеп кайрадан Абсаттаровдо:

«Базардагы кызматкер 5 миң сомдон айлык алат. Ошол маселени көтөрүүдө пикир келишпестик болуп калганы жалган. "Жапалак" автоунаа базары менен Оштогу борбордук базарда иштегендердин айлыгын көрсөңөр болот. 10 миң, 14 миң, 17 миң сом деп турат. 5 миң сом айлык алган кароолчу, пол жуугандар да бар», — деп айтты маалымат катчысы.

«Биримдиктин» талапкери — биринчи вице-мэр

2-март күнү мэр Таалайбек Сарыбашов Замир Юсуповду биринчи вице-мэр кылып дайындады. Мэриядан ал мекеменин ичинен каралган эки талапкердин бири болгонун, мурунку иш тажрыйбасы эске алынып кызматка коюлганы кабарланды.

"Биримдик" партиясынын Оштогу штабы.
"Биримдик" партиясынын Оштогу штабы.

Юсупов — он жылга чукул мамлекеттик администрацияда иштеген Ош облусунун мурдагы губернатору Байыш Юсуповдун баласы. Анын эжеси Салтанат Аматова - Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси.

Замир Юсупов 2020-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы координатору болуп турган. Ошол эле жылы 12-апрелге дайындалган Ош шаардык кеңешине депутат болуу үчүн «Биримдик» партиясынан №23 катарда талапкер болгон.

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева Жылдызбек Турганбаевдин сын-пикирлери туура экенин, аны мэр өзүнө атаандаш кылбоо үчүн алып салышы мүмкүн деди:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

«Турганбаевдин сынына кошулам. Мэр жеке өзү чечимдерди кабыл алат, анын уруксатысыз эч нерсе ишке ашпайт деген чын. Жумуштар бөлүштүрүлүп берилген эмес. Буга чейин Жылдызбек мэр болуп калышы мүмкүн деген сөз болгон. Мэр атаандаштыктан коркту. Аны менен макулдашпай, чечимдерди кабыл ала баштаган болсо керек. Анан бул мэрге жакпай, аны алдырып салды. Ошол үчүн чогуу иштеген, мэрдин сөзүнөн чыкпаган Замир Юсуповду коюп койду».

XS
SM
MD
LG