Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Шаардык кеңештерге шайлоого үгүт башталды


Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Бүгүн, 12-мартта 11-апрелде боло турган 28 шаардык кеңештерге шайлоого үгүт өнөктүгү башталды. 420 айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо жараяны аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында 12-марттан тартып, 28 шаардык кеңешке катышуучу 59 саясий партия үгүт иштерин жүргүзүү укугуна ээ болот.

Үгүт өнөктүгү 10-апрелге чейин созулат.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG