Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Президенттин Өзбекстанга мамлекеттик сапары алкагында 22 документке кол коюлду


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.

Кол коюлган документтердин арасында өкмөттөр аралык Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика жаатында, коргоо, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюча макулдашуулар бар.

Эки өлкөнүн бажы кызматтарынын маалымат алмашуусу тууралуу протокол түзүлдү. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү өңүттөрдө түзүлгөн макулдашуу, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу да сүйлөшүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Ал 11-мартта өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG