Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Тириг-Бектин илимпоз урпагы Астайбек 75 жашта


Чыгаан хакас этнографы, профессор Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев. Абакан шаары, Хакасия. Орусия. 2005-жылдын 12-декабры
Чыгаан хакас этнографы, профессор Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев. Абакан шаары, Хакасия. Орусия. 2005-жылдын 12-декабры

2021-жылы 12-мартта Бишкек шаарында (Кыргызстан) хакас элинин чыгаан өкүлү, көрүнүктүү чыгыш таануучу, этнограф, тарыхчы жана фольклор изилдөөчү, Орусиянын Коомдук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, бир катар ЖОЖдордун (анын ичинде КУУ менен КМУнун) ардактуу профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык онлайн шерине өткөрүлөт.

Бул окуяны утурулай тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин маараке ээси тууралуу блогун сунуштайбыз.

Хакас элинин чыгаан илимпозу Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев бүгүн – 2021-жылы 12-мартта 75 жашка толду.

Анын 70 жылдык мааракеси 2016-жылы Кыргызстандын бир катар аймактарында кеңири белгиленген болчу.


Быйылкы коронавируска байланыштуу эл аралык жана ички карым-катнаштар убактылуу үзгүлтүккө учурап жаткан маалда, көрүнүктүү этнограф агайыбыздын кыргызстандык жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештери онлайн шерине, интернеттеги коомдук тармактар жана электрондук каттар аркылуу анын мааракесин ак дилден куттуктап жатат.

Онлайн шерине (форум) арноо деген символдук ишаара Астайбек агабызды Ала-Тоодо урматтап келээрибизди шардана кылып турат деп ойлойм. Ал Кыргызстандын бир катар расмий сыйлыктарына да татыган.

Астайбек агайдын өмүр жолу, чыгармачыл ишмердиги жана айырмалуу илимий жоболору тууралуу 5 жыл мурда жарыялаган макалабызда кеңири токтолгон элек. Окурмандарыбыз маараке ээси тууралуу айрым өңүттөрдү ошол макаладан кеңири тааныша алат.



Астайбек агай кыргыз таанууга бараандуу салымдарын соңку 5 жылда да үзүрдүү кошуп келди. Биз бүгүнкү күндөлүк макалабызды (блогду) маараке ээсине бир-эки көйгөйдү чагылдыруу аркылуу арнамакчыбыз.

Албетте, илимий адабиятта анын айрым жоромолдоруна карата сын пикирлер да айтылып жүрөт. Маселен, ал хакас эли байыртадан “кыргыз” деп аталган элдин урпактарынын бири экендигин белгилөө менен бирге, жаңы доордо хакастардын өздүк аталышы (эндоэтноними) “хонгорай” болгон, деген тыянак чыгарган жана анын ушул тыянагына ичи бышпагандар да бар.

Биздин оюбузча, анын “хонгорай” этноними тууралуу бүтүмдөрү Түштүк Сибирдеги элдин 1703-жылга чейинки негизги элдин өздүк этностук аталышы “кыргыз” болгон деген орток илимий бүтүмгө каршы келбейт.

Ойроттордун Жунгар хандыгы Түштүк Сибирдеги Кыргыз улустарынын саясий каймагын (элитасын) Жуңгар хандыгынын борбордук аймагы – Тарбагатайга күчтөп көчүрүп кеткен соң (бул да этноциддин бир көрүнүшү болгон), калган-каткан кыргыздар менен башка этностор жуурулушуп, хонгорай деген этноним келип чыккан, дейт Астайбек агай.


Анын ушул бүтүмү башка хакас окумуштуусу, археолог, Москва мамлекеттик университетинин профессору Леонид Кызласовдун тээ байыртадан эле Түштүк Сибирдеги түпкү калк “хакас эли” деп аталган, ал эми кыргыздар алардын чакан башкаруучу уруусу гана болгон, деген тарыхты бурмалоочу жоромолун четке кагат.

Астайбек Бутанаев 1923-жылы “хакас” жасалма этноними бүгүнкү хакастарга илимий калпыстыктан улам эле таңууланып калган деген академик В.В.Бартольд, тарыхчы профессорлор, арабист Өмүркул Караев, синолог Сергей Яхонтов, археолог Юлий Худяков, ж.б. окумуштуулардын пикирлерин 1970-жылдардан тартып ачык колдоп чыккан алгачкы заманбап хакас этнографы болуп саналат.

Астай Бутанаев агай кыргыздар байыртадан эле Түштүк Сибирде жашаган, алардын бир бөлүгү IX–X кылымдарда Теңир-Тоого көчкөн жана азыркы кыргыз улутуна айланган деп санайт.

Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 1-бет.
Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942 2005) өзүнүн досу, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаевге жазган орусча кат. 02.10.1987. 1-бет.


Демек, анын оюнча, кыргыздар менен хакастардын байыркы бабалары – орток. Маркум Өмүркул Караев да ушундай бүтүмгө келген. Бул бүтүмдү Астайбек агайдын досу, кыргыз этнографы Имел Молдобаев да колдогон.

Биз, профессор Юлий Худяковдун турумун колдоп, Астайбек агайдын пикирине бир аз оңдоо киргизген тыянакты жактап келебиз: байыркы доордогу кыргыздар Теңир-Тоо аймагында байырлашкан, ал эми б.з. V кылымда алардын негизги бөлүгү Энесай аймагына журт которгон.

Албетте, анча-мынча кыргыз топтору Чыгыш Теңир-Тоодо, Алтайда байырлап кала берген болушу деле ыктымалдан алыс эмес. Себеби, жалпы Евразия тарыхы көрсөткөндөй, тигил же бул этностун таптаза көчүп кетүүсү эч качан болушу мүмкүн эмес. Бул маселе болочокто да комплекстүү изилденмекчи.


Кытайда (маселен, ШУАРда) кыргыз таануу жаатындагы болочокку археологиялык, булак таануу жана башка өңүттөрдөгү изилдөөлөр бизге көөнө доор жаатында жаңы табылгаларды жана тыянактарды тартуулашы ыктымал.

Профессор Ю Тайшан 2019-жылы жарыялаган жоромолду алсак, маселен, кыргыздар б.з.ч. X кылымдагы окуяларга карата көөнө ханзу жазмаларында алгач эскерилген экен.

Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев хакас улуттук кийими менен.
Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев хакас улуттук кийими менен.


Айтмакчы, Астайбек агай Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу дагы бир чоң маселе боюнча илимге жаңы сунушун тартуулады.

Кыска гана баяндап өтөлү.

1963-жылы Хакасиянын Уйбат дарыясынын өрөөнүндө, Нинйа аттуу өзөндүн куймасына жакын анче бийик эмес дөңсөөдө руна сымал кыргыз жазмасынын бир эстелиги археолог А.Н.Липский тарабынан табылган.

Уйбат VI (e-98) жазма эстелигинин фото сүрөтү.
Уйбат VI (e-98) жазма эстелигинин фото сүрөтү.


Узундугу 2,6 метр, туурасы 0,6 метр, калыңдыгы 0,18 метр болгон бул таш тактачанын эки бетинде тең руна сымал текст түшүрүлгөн экен.

Аны илимде Уйбат VI (e-98) деп каттап калышты, бирок Астайбек Бутанаев аны өз эмгегинде Уйбаттагы № 7 жазма эстелик (Уйбат VII ) катары каттап келет.

1973-жылы Астайбек Бутанаев анын текстин алгачкы болуп орусчага которгон. Ал эми И.В.Кормушин бул текстти 1997-жылы чыккан эмгегинде жаңыча которуу аракетин жасаган. Башка да котормо варианттары бар.

Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси.
Уйбат VI (e-98) жазмасынын текстинин чиймеси.


Астайбек Бутанаев соңку жылдары бул текстке кайрадан кайрылып, анын траснкрипциясын мындайча котормосу менен сунуштады (кыргызча котормону биз Астайбек Бутанаевдин орусча котормосун эне тилибизде так берүү үчүн жүзөгө ашырдык):

1. [erdem ] er qunçuyun qazğandınız, bökmediniz beg erkime beg;
[Доблестный] муж! Вы приобрели (много) принцесс, (но) не насладились княжеской властью, о бег!
[Эр көкүрөк] эр! (Көп) бекбийкелерге ээ болдуңуз, (бирок) бек бийлигинин ыракатын көрбөдүңүз, бегим!

2. bunğ bunğa adırıldınğız, açığa qırq erig qanğsız qıld [ınğız];
Тысяча печалей! Вы отделились (от нас), о горе! Сорок мужей-воинов Вы оставили (букв. сделали) без отца!
Миң кайгы ай! (Бизден) айрылдыңыз, арман ай! Кырк чоронун (эрди) етим кылд(ыңыз)!

3. Uiğur qan ilin alduqta azığlığ tonğuz teg Tirig beg siz;
При взятии государства Уйгурского хана, Вы Тириг-бег (были) словно клыкастый дикий вепрь!
Уйгур ханынын мамлекетин (элин) алганыңызда, Сиз, Тириг-бек, азуулуу доңуздай (болдуңуз)!

4. alıç bars Tirig beğim yıta erdemim size;
…мой почитаемый барс Тириг бег! Увы! моя мужская доблесть Вам (принадлежит)!
Кадырлуу барсым, Тириг-бек! Аттиң!.. Менин эр көкүрөктүгүм Сизге (багышталат)!

5. [ Tüpütke] elçisi ertım şab kök Tırığ beğe;
Я был послом [в Тибет], слава божественному Тириг-бегу!
[Тибетке] элчиси элем, Көк (б.а. Теңир) колдогон Тириг-Бекке даңаза!

6. [Er] ölürtüm kök böri qaramağ bağın ölürtüm;
Я убивал [вражеских мужей-воинов], я уничтожил подразделения [многочисленной] стаи серых волков!».
[Жоонун эрендерин] өлтүрдүм, көк бөрүлөрдүн [көп сандаган] үйүрлөрүн өлтүрдүм!”

(Булак: Кормушин. 1997. – 122-бет; Бутанаев. 2000. – 123-бет, 44-сүрөт.).

Бахтияр Шаршеев (Бахти Брати) сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.
Бахтияр Шаршеев (Бахти Брати) сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.


Эң маанилүүсү, бул текстте учураган Тириг-Бек ысымын Астайбек Бутанаев Улуу Кыргыз дөөлөтү түптөлө баштагандагы кыргыз каганынын аты деп сунуштайт (бул кагандын титулу Кытайдын Тан доорундагы булактарда иероглиф аркылуу “а-жо” деп берилген). Дал ушул каган 840-жылы Орхондогу Уйгур каганатын ойрон кылат эмеспи.


Тириг-Бектин тотеми барс (илбирс) болгон. Кыргыздын жана башка түрктөрдүн 12 жаныбардын атына негизделген жылсанагында да “Барс жылы” аталышы бар.

Албетте, Астайбек агайдын бул жоромолу деле болочокто да кыйла илимий талкуулардан өтөөрүндө шек жок. Ал эми жаш булак таануучу Нурдин Усеевдин котормо варианттары тууралуу кийинчерээк сөз кылмакчыбыз.

Тасма. Фу-йү кыргыздары тууралуу даректүү баян. Орусча.

Бирок, эң негизгиси, Уйбат жазмасынын Астайбек агай тарабынан жаңыча окулушунун өзү эле бул илимпоз хакастардын жаңы жана соңку жаңы доордогу тарыхы жана этнографиясы менен чектелбестен, көөнө кылымдарга – байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын саясий, этностук, маданий тарыхына да улам терең сүңгүп жаткандыгын тастыктайт.

Профессорлор Юлий Худяков менен Астайбек (Виктор) Бутанаев. Бишкек. 2017-жылдын 18-апрели.
Профессорлор Юлий Худяков менен Астайбек (Виктор) Бутанаев. Бишкек. 2017-жылдын 18-апрели.


Астайбек агай хакас элинин коомдук ишмери катары Кыргызстан менен Хакасиянын ортосундагы жана, жалпы эле, Орусия менен Кыргызстандын этнография жана тарых илимдеринин ортосундагы көпүрөнү түзүүгө зор салым кошуп келет.

Астайбек агайдын Анатолий Деревянко, Юлий Худяков, Сергей Скобелев, Олег Митько, Бронтой Бедюров, Юлия Лысенко, Петр Дашковский сыяктуу жана башка нечендеген замандаштарын эске алсак, Орусияда кыргыз улутунун достору жана данакер болгон илимпоздор жана айдыңдар азыр да арбын экендигин таасын айта алабыз.

Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Т. Чоротегин менен музейдин жанында. Түштүк Сибирь. 1995-жылдын июну.
Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Т. Чоротегин менен музейдин жанында. Түштүк Сибирь. 1995-жылдын июну.


Биз маараке ээси, урматтуу Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаевге жана анын өмүрлүк жолдошу Эркинэ (Ирина Исаевна) Бутанаевага бекем ден соолук, узак өмүр, бакыбаттык, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.

XS
SM
MD
LG