Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

COVID-19: Вирус менен күрөшкөн бир жыл


Испаниянын баш калаасы Мадриддеги Ла-Пас ооруканасынын жамааты коронавирустан көз жумган кесиптештерин эскерип жатат, 2020-жылдын 20-апрели.
Испаниянын баш калаасы Мадриддеги Ла-Пас ооруканасынын жамааты коронавирустан көз жумган кесиптештерин эскерип жатат, 2020-жылдын 20-апрели.

Коронавирус инфекциясынын кесепеттерин пандемия деп жарыялангандан бери туура бир жыл өттү. Дүйнө өлкөлөрү жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган илдетке каршы алигиче күрөшүп келе жатат. Илдет акыркы бир жылда 118 млн. адамга жугуп, андан 2 млн. 600 миң адам каза тапты.

2020-жылдын 11-марты. Дал ушул күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 3 ай мурдараак Кытайда аныкталган коронавирустун жаңы түрүн глобалдык пандемия деп жарыялаган. Ал күнү уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус жаңы вирус Кытайдан башка өлкөлөрдө эки апта ичинде эле 13 эсе көбөйгөнүн билдирген.

Пандемия жарыяланганда COVID-19 илдети дүйнөнүн 114 өлкөсүнө жетип, чек аралар биринен сала бири жабыла баштаган эле. Кытайдын өзүндө вирусту жугузгандар азаюу темпине түшсө, Иранда ооруканалар толуп, аттуу-баштуу адамдар илдеттен көз жуумп жаткан.


Европада илдет тездик менен жайылып, Италиянын бийлиги катаал карантин киргизүүгө аргасыз болгон. Кыргызстан сыяктуу Борбор Азия мамлекеттери да вирустан качып кутула албай турганы анык болуп калган эле. Орус рубли менен кошо казак теңгесинин, кыргыз сомунун курсу түшүп, кымбатчылыктын илеби сого баштаган.

Ошентсе да ал кезде дүйнө өлкөлөрүн тооруп турган коркунучтун, болочоктогу жоготуулардын масштабын алдын ала элестетүү кыйын эле.

"Алдыдагы күндөрдө жана жумаларда илдетти жугузуп алгандардын саны, вирус жеткен мамлекеттердин катары дагы калыңдайт деп күтүп жатабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке саат сайын көз салып келди. Биз вирус кооптуу деңгээлде жайылып, күч алып жатканына жана чара көрүлбөй жатканына тынчсызданып турабыз. Ошондуктан биз COVID-19ду пандемия деп мүнөздөдүк", - деп эскерткен туура бир жыл мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.

Курмандыктардын саны эселеп өстү

Уюмдун бул чечими жарыяланган күнү дүйнө жүзүндө коронавирус 118 миңдей адамга жукканы, 4200дөн ашуун адам көз жумганы ырасталган эле. Бир жылдан кийин коронавирус дүйнөнүн дээрлик бардык бурчуна жетип, пандемиянын курмандыктары да эселеп көбөйдү. Бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ооруканалар толуп калып, коргоочу каражаттар, дары-дармектер тартыш болуп турду.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык 2021-жылдын 11-мартына карата дүйнөдө коронавирус жугузуп алганы ырасталган адамдардын саны 118 миллиондон ашты. Алардын 2 миллион 600 миңден ашууну COVID-19 илдетинен көз жумду. Бирок, адистер илдетке чалдыккандар мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келишет.


Коронавирустан эң көп жабыркаган мамлекеттердин башкы сабында АКШ турат. Бул өлкөдө 29 миллиондой адам коронавирусту жугузуп алса, алардын 530 миңдейи кайтыш болду. COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча Индия экинчи (11 миллион 262 миң), Бразилия үчүнчү (11 миллион 202 миң), Орусия төртүнчү (4 миллион 302 миң) жана Улуу Британия бешинчи (4 миллион 247 миң) сапка чыкты.

Кыргызстандын расмий статистикасына ылайык өлкөдө вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын саны 86 миңден ашты.

Жаңы варианттардын коркунучу

Ушул тапта айрым мамлекеттер коронавирустун улам жаңы толкундары менен алпурушуп жатат. Европада жана Латын Америкасында вирустун жаңы тез жайыла турган варианттары коркунуч жаратууда. Маселен, жаңы штамм жайылып жаткан Бразилияда соңку бир сутка ичинде рекорддук сандагы бейтап же 2286 киши COVID-19дан көз жумду. Адистер бул сан мындан дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

"Бир күндө каза болгондордун саны 3 миңге жетиши толук мүмкүн. Бул өтө өкүнүчтүү. Кырдаал оорлошуп баратат. Айрым штаттарда ооруканалар толуп калып жатканын эске алганда курмандыктардын саны дагы өсөт окшойт", - деп билдирди Бразилия университетинин эпидемиологу Йонас Брант.


Европада болсо коронавирустун "британиялык" деп мүнөздөлгөн жаңы вариантты же B.1.1.7 штаммы жайылып жатат. Германиянын Роберт Кох атындагы институтунун маалыматына ылайык эки жума мурда континентте вирустун жаңы учурларынын 22 пайызы "британ штаммы" деп мүнөздөлсө, бул аптада аталган көрсөткүч 55 пайызга жетти. Мындан улам Европанын көп өлкөлөрдүндө беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо же үйдөн иштөө сыяктуу эрежелер уланууда.

Вирустун жаңы варианттары эпидемиянын алгачкы толкунунун былтыр жаз жана жай айларында баштан өткөргөн Борбор Азия өлкөлөрүн да тооруп турат. Соңку кабарлар Казакстанда коронавирус кайра күч ала баштаганын ишара кылууда. Маселен, бул аптада Нур-Султан жана Алматы вирус тез жайылган «кызыл аймактарга» кайра кошулду.

Экономиканы эңшерген илдет

COVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөр 1 жыл ичинде дүйнө экономикасын эңшерип койду. Былтыр пандемия адеп жарыялангандан көп өтпөй дүйнөлүк биржалар рекорддук төмөндөөгө дуушар болуп, дүйнөлүк соода солгундай баштаган. Эл аралык валюта корунун эсебине ылайык 2020-жылы глобалдык экономика 3,5 пайызга артка кетти.

Дүйнөдө миллиондогон адамдардын кирешеси азайып, базарларды кымбатчылык басып, жумушсуздардын катары калыңдады.


Бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп, экономиканын темпи токсонунчу жылдардагы көрсөткүчкө теңелди. Кыргызстан Борбор Азияда экономикасы эң чоң төмөндөөгө учураган өлкө болуп калды.

Айтор, бир жыл өтсө да адамзат миллиондогон үй-бүлөлөрдү кайгыга салган илдетти ооздуктай элек. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде элди коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү башталганына карабастан вакцина калктын калың катмарына толук жете элек.

Маселен, АКШда азырынча 62 миллиондой гана адам вакцина алды. Бул өлкө калкынын 19 пайызына жетпеген бөлүгүн гана түзөт. Кыргызстанда вакциналар качан келип, качан эмдөө башталары азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG