Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Бишкек-Ташкент: Соода алаканы 2 млрд. долларга жеткиребиз


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеев. Ташкент. 11-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы тууралуу да маселе каралды.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык, банктык-финансылык, илимий-техникалык, транспорттук-коммуникациялык кызматташтык, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу, туризм жаатында жана башка багыттардагы мамилени чогуу өнүктүрүүнү сүйлөштү.

Президенттер анын ичинде соода-экономикалык алаканы кеңейтүү зарылчылыгын белгилеп, жакынкы жылдары эки тараптуу товар алмашуунун көлөмүн 2 млрд. долларга чейин жеткирүүнү белгилешти. Муну ишке ашыруу үчүн экспорттук-импорттук операцияларды колдоо механизмдерин жигердүү өнүктүрүү, бизнес-форумдарды жана көргөзмөлөрдү көбөйтүүнүн зарылдыгын билдиришти. Учурда иштеп жаткан соода үйлөрүнүн эки тараптуу алаканы өнүктүрүүдөгү ролун белгилешти.

Мамлекет башчылары мындан тышкары агроөнөр жай комплекси, айыл чарба, машина куруу, жеңил өнөр жай, транспорт жана байланыш ишканаларынын өндүрүштүк кооперациясын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүнү сүйлөштү. Ага ылайык Кыргызстанда автоунаа, айыл чарба жана тиричилик техникаларын чогултуучу ишканаларды куруу, чек ара аймагында текстиль жана курулуш материалдарын өндүрүүчү биргелешкен ишканаларды ачууну макулдашты.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Сапар алкагында ал Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 млн. долларды түзсө, 2020-жылы 341 млн. долларга жеткен.

Төрт-беш жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 млн. доллардан 152 млн. долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 млн. доллардан 200-300 млн. долларга көбөйгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG