Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Канат Каниметов УКМКга журналисттик ишмердиги боюнча сурак берип чыкканын билдирди


Канат Каниметов.
Канат Каниметов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакырылган журналист Канат Каниметов 11-мартта УКМКда сурак берип чыкты.

Ал тергөөчүнүн суроолору күбөгө эмес, айыпталуучуга берилгендей болгонун "Азаттык" радиосуна билдирди:

"Менден негизинен өзүм жөнүндө, өзүмдүн ишим жөнүндө сурап атышты. Айрым суроолор кайталанып берилди. Андай суроолор күбөгө эмес, күбөдөн айыпталуучунун категориясына өткөрүлүүчү адамга бериле турган суроолор экенин юристим да тастыктады", - деди Каниметов.

Журналист Канат Каниметов УКМКга суракка 2015-2016-жылдарда Коомдук телерадио берүү корпорациясында иштеп жүргөн учурунда жарыялаган материалдарына байланыштуу чакырылганын кошумчалады.

30 жаштагы Канат Каниметов "Апрель" телеканалынын журналисти. Ага чейин КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасында иштеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG