Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Ташкентте Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу өтүүдө


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

«Куксарой» резиденциясындагы жолугушуунун расмий бөлүгү Ардак кароол ротасынын тизилген жоокерлеринин катышуусу менен өттү. Ушу тапта эки президенттин сүйлөшүүсү жүрүп жатат.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Кыргыз мамлекетинин башчысы катары Жапаров алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG