Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Улуттук банк сатыкка дагы 30,6 миллион доллар чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 11-мартта сатыкка 30 миллион 600 миң доллар чыгарды.

Соңку интервенция 4-февралда жүргүзүлгөн. Анда сатыкка 38 миллион доллар чыгарылган.

28-январда 45 миллион 700 миң доллар сатыкка коюлуп, бул интервенция 2021-жылдагы биринчи жана он айдан берки эң көп суммадагысы болуп калган.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,89 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Улуттук банк доллардын бүгүнкү күнгө белгилеген курсу - 84,80 сом. Ал эми орус рубли - 1 сом 15 тыйын. (RK)

XS
SM
MD
LG