Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Марипов: Паспорт маселесине мамлекеттик кызматкерлер жооптуу


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов КТРКдагы маегинде паспорт маселесин 2-3 айда чечүүгө аракет көрүлүп жатканын билдирди. Премьердин айтымында, документтерди берүү мөөнөтүнүн создугушуна коронавирус пандемия бир аз тоскоол болду.

Бирок биометрикалык паспортторду берүү боюнча долбоордун өз убагында ишке ашпай калганын тиешелүү мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги менен байланыштырды:

"Бул маселени элге ачык айтканыбыздын себеби - бир айда 40 миңдей жараныбыз паспортун жаңылайт. 2004-2006-жылдагы паспорттор мөөнөтүнө байланыштуу жаңыланып турат. Биз токтом кабыл алдык. 2004-2006-жылкы үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтү автоматтык түрдө 1-сентябрга чейин узартылат. Казакстан менен Орусияга ID-карта менен чыксак болот. Түркия же башка Европа өлкөлөрүнө жалпы жарандык паспорт талап кылынат. Ошон үчүн муну чечип берип атабыз. Жаңы паспорт өзү келген. Бул жерде программалар, ошол компьютерде жазуу маселеси чечилбептир. Мамлекеттик каттоо кызматы 2-3 айда чечебиз деп сөз берди. Бул уюштуруучулук деңгээлдеги маселе. Ошол деңгээлде чечилет. Муну өкмөт толук көзөмөлгө алып турабыз. Өлкө башчысына да маалымат бердик", - деди Марипов.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов 9-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алган.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин анын мөөнөтү апрелге жылып, бирок ал мөөнөттө да берилген эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG