Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ошто жергиликтүү шайлоого тогуз партиядан 702 талапкер катышууда


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында жергиликтүү кеңештеги 45 орунга тогуз партиядан 702 талапкер ат салыша баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргалбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, шаарда 78 шайлоо участогу бар, 151 миң шайлоочунун тизмеси даярдалууда:

«Контролдук тизмелер түштү. Бардык шайлоо комиссияларына таратып бердик. Ар бир комиссияда мүчөлөр иштеп жатат. Суроолор болсо шайлоочулар өз участогуна барып кайрылса болот».

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шаардык кеңештерге үгүт бүгүн, 12-мартта башталды.

Ош шаардык кеңешине аттангандар – «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт» жана «Республика» саясий партиялары. (DU)

XS
SM
MD
LG