Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда унаа каттамдары жанданат


Ош-Анжиян-Ош каттамындагы кичиавтобус. Ош шаары. 2019-жылдын 25-сентябры.
Ош-Анжиян-Ош каттамындагы кичиавтобус. Ош шаары. 2019-жылдын 25-сентябры.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин 11-марттагы жолугушуусунда "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына толук жооп бере турганы айтылды.

Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн чогуу иштөөнү улантышмакчы. Аймактагы жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн эл аралык "Ташкент-Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар“ каттамын жандантуу макулдашылды.

Эки өлкөнүн ортосунда автобус, темир жол жана аба каттамдарын калыбына келтирүү -жүк ташуу, жүргүнчү жана туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Президенттер чектеш жайгашкан район-облустардын соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл экенин айтышты. Ага ылайык сапар алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү эки элдин достугун чыңдап, аймактар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушу тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Ал 11-мартта Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынган.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

2019-жылы чектеш жайгашкан Ош жана Анжиян шаарларынын ортосунда автобус каттамы жанданып, пандемия башталганда токтоп калган.

2005-жылкы Анжиян окуясына чейин кошуналар бири-бирине «Достук» чек ара бекети аркылуу маршруттук каттам менен барышчу. Кандуу окуядан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан.

«Достук» бекети аркылуу машинелердин жана жөө адамдардын кирип-чыгышына 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин келишиминен кийин жол ачылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG