Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Батукаев иши: Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот жараяндарынын биринде. 27-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаардык соту 12-мартта камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча актоочу тараптын өтүнүчүн карады.

Адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" билдиргендей, ишти караган судья Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок. Ал 7-апрелге чейин камакта калды.

Буга чейин адвокаттар мурдагы президенттин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

Алар Алмазбек Атамбаев бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурганын айтып, саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Ошондой эле мыйзам боюнча шектүү тергөө абагында бир жыл гана кармалууга тийиш деген жүйө келтирип жатышат.

Февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти караган Биринчи май райондук соту Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарткан.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин ишин кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда райондук сотто каралууда.

Атамбаев былтыр декабрда саламаттыгына байланыштуу №47 колонияга которулган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG