Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын жарыялады


Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт.
Сыймык Жапыкеев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Каржы полициясынын генерал-майору болгонун билдирди.

Бүгүн, 12-мартта ал «Фейсбуктагы» баракчасына «Президентке чоң рахмат» деп жазып, президенттин Каржы полициясынын генерал-майору деген кезектеги атайын наамды ыйгаруу тууралуу жарлыгы 4-мартта чыкканын жарыялады.

Мамлекет башчысынын расмий сайтында бул тууралуу маалымат азырынча жок, басма сөз кызматы тактагандан кийин жооп берерин «Азаттыкка» билдирди.

Жапыкеев буга чейин полковник наамында болчу.

12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча жарыяланган токтомунда Финансы полициясы ушундай эле аталыш менен калары, бирок Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болору жазылган.

5-мартта өкмөттүн Финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алынганы маалым болгон.

Өкмөт көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өнүмгө карата 24-43% жеткени аталган кызмат ишин жакшы аткарбай жатканына далил экенин, ал ишкерликке мыйзамсыз кийлигишип, жемкорлукка өзү да жол берип жатканын белгилеген.

Жапыкеев өзү ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, инвесторлордун укугу корголгонун, аларды негизсиз текшерүү токтогонун, кызматка дайындоолор таза жана ачык, иш тажрыйбасына жараша жүргүзүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG