Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Кыргызстанга былтыр четтен тартылган инвестиция эки эсеге азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы чет өлкөдөн тартылган түз инвестициялардын көлөмү 477,6 млн. долларды түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга аз.

Улуттук статистика комитетинин 12-мартта жарыялаган маалыматына караганда, четтен келген түз инвестициялардын 97% жакыны өндүрүш ишканаларына, кен казуу, геологиялык чалгындоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода, маалымат жана байланыш тармактарына жумшалды.

Былтыр геологиялык чалгындоого тартылган инвестиция 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш тармагында – 5,1 эсеге, өндүрүш ишканаларында – 32,2%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 31,6%, дүң жана чекене соодага – 23,4%, кен казууга сырттан түшкөн каражат - 22,9% төмөндөдү.

Инвестициянын эң көбү Канадага (32,5%), андан кийин Кытайга (24,5%) туура келет.

Калган 9,5% Нидерланддан, 8,4% Швейцариядан, 4,8% Түркиядан, 4,3% Британиядан келген.

Статистика комитети инвестициянын азайышынын себебин көрсөткөн эмес.

Өкмөт буга чейин артка кетүүнү коронавирус пандемиясы менен байланыштырган.

Эл аралык валюта корунун эсебине ылайык 2020-жылы глобалдык экономика 3,5 пайызга артка кетти.

Бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% кыскарды. Муну менен Борбор Азияда экономикасы эң чоң төмөндөөгө учураган өлкө болуп калды. (NT)

XS
SM
MD
LG