Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Өкмөт Ирактагы балдарды алып келет


Күрд кошуундары көзөмөлдөгөн "Аль-Хол" лагери. 2021-жыл. Сирия.

13-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ирак мамлекетинен кыргыз жарандарын алып келүү боюнча түшүндүрмө таратты.

Андагы маалыматка таянсак, 2021-жылдын февралынын аягында гуманитардык миссия менен Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Жумушчу топ бул мамлекеттеги балдарды мекенине кайтаруу үчүн укуктук шарт, тиешелүү документтерди даярдап жатат. Учурда Ирактагы кыргыз өкмөтүнүн жумушчу тобу өз ишин аяктап калды.

ТИМдин түшүндүрмөсүндө, Ирак менен узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдарды, пенитенциардык жазаны өтөп жаткан жана атайын мекемелеринде кармалган кыргыз жарандарын репатриациялоо маселеси боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейт. Тышкы саясат мекемеси Ирактан кыргыз жарандарын кайтаруу иши качан башталарын кабарлаган жок.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген.

Сириядагы кыргыз жарандары качан кайтары белгисиз

Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бирок бул иш-чара качан, кантип ишке ашары тууралуу толук маалымат айтыла элек.

Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов кыргыз өкмөтү Сирияга атайын учак жөнөтүү тууралуу буйрук чыгарганын айтты. Ал бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрмамат Тагаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Канулькуловдун айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде каржылык санкция түрүндө жаза алган кыргызстандыктарга жардам берүүгө жол ачылууда.

«Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет. Өкмөт алардын айып пулун төлөө милдетин өзүнө алып жатат, андан кийин алар Кыргызстанга кайтарылат».

Бирок бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы жана Тышкы иштер министрлиги тактаган жок. Алар бул жаатта кабарлары жок экенин билдиришүүдө.

Ал эми Сириянын лагерлеринде кармалып турган кыргызстандык кыз-келиндердин жакындары алар 15-мартта Кыргызстандан учак келери тууралуу маалымат угушканын, мекенге кайтуу үчүн камылга көрүп жатканын айтышууда.

2014-жылы Сирияга кеткен эки кызын, аялын кайтаруу үчүн жан үрөп жүрүп былтыр декабрда инфаркттан көз жумган карабалталык Рамаз Сариевдин бир тууган эжеси Дилбар Сариева буларга токтолду.

«Биз эч кандай маалымат уккан жокпуз. Иракта калгандарды алып келет экен, андай кийин Сириядагыларды кайтарат деп эле угуп жатабыз. Сириядагы сиңдилерим жана келиним туугандарыбыз менен сүйлөшкөндө, алар “15-мартта барып калабыз” деп айтышыптыр. Бирок мен ишене албай жатам. Алар күнүгө жол карап отурушат».

Рамаз Сариевдин эки кызы, аялы ушул күндөрү Сирия менен Түркиянын чек арасында жайгашкан “Рож” лагеринде күн кечирип жатат. Бул аймакта жүздөн ашык кыргызстандык кыз-келиндер бар экени айтылган. Ар биринин аз дегенде экиден баласы бар. Балдардын көпчүлүгү ошол жакта төрөлгөн.

Бир нече жылдан бери бийликке кайрылып жаткан кыргызстандыктар Сириядагы согуш талаасына кеткен эркектерди эмес, террордук топтун азгырыгына алданган аялдарды жана алардын балдарын алып келүүнү өтүнгөн.

Сирияда жүргөн 100дөй кыргызстандык кыздардын ата-энеси менен иштешип жүргөн Хамида Якубова ушул күндөрү да өкмөткө кайрылып жүргөнүн айтууда. Анын кызы Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде кармалып турат.

Хамида Якубова.
Хамида Якубова.

«Өкмөт бизге эч нерсе деп айткан жок. Мен кызымды жана мага окшогон энелердин чүрпөлөрүн Кыргызстанга кайтаруу үчүн жасап жаткан аракетимди токтоткон жокмун. Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылдым. Эми өкмөт башчыга жолугайын деп турам».

Ошентсе да эгер Сириядан кыргызстандыктар кайтып келсе, аларды кайра коомчулукка аралаштыруу маселеси ачык турат. Былтыр жыл этегинде Борбор Азиядагы дин эксперттери жана ушул жаатта иш алып барган адистер тажрыйба алмашуу иш-чарасын өткөргөн.

Казак бийлиги Жакынкы Чыгыштагы согуш талаасына кеткен жарандарын 2019-жылдан тартып алып келе баштаган. Расмий маалыматка ылайык, Казакстан «Жусан» аттуу операциясынын алкагында Сириядан 600дөн ашык жаранын алып келген. Алардын ичинен 400ү балдар.

Мындан тышкары өзбек жана тажик бийлиги да жарандарын алып келгени тууралуу маалыматтар бар.

Кыргыз өкмөтү Сирияга кеткендерди мекенге алып келүү аракетин эки жылдан бери көрүп жатканы айтылып жүрөт.

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Ага ылайык өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, Ирактан 70тей кыргызстандык бала алынып келинери маалымдалган. Бирок өкмөттүн планы эмне себептен жүзөгө ашпай калганы белгисиз.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Кыргызстан Сирияда жүргөн жарандарын кайтара албай жатканынын бир нече себебин санап берди.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Бул иште маселе көп. Биринчиден, Сирия менен Иракта жүргөн кыргыз жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда макулдашуу же келишим болушу керек. Ансыз жарандарыбызды бул мамлекеттерден алып чыгып кете албайбыз. Экинчиден, кимди алып келиш керек деген суроо ачык кала берүүдө», -деди ал.

Ошондой Жороев бул маселедеги саясий-дипломатиялык жагдайларга токтолду.

«Ал жерде жүргөн бардык жарандарды эле алып келүүгө мүмкүн эмес. Коңшу жана башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп, аялдар менен балдарды алып келүү аракети бар. Бирок ал жолго түшсөк оор кылмыш жасаган аялдардын тагдыры кандай болот? Ата-энеси табылбай калган балдар кайсы жакка барат? Ошентсе да алардын ичинен тандалып Кыргызстанга кайтарылды дейли. Бирок ал жарандардын мыйзамдык статусу кандай болот? Биздин мыйзамга ылайык, буларга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Балдардын окуусу кандай болот? Ушундай толгон-токой маселелер көтөрүлөт, каржы маселеси чыгат. Бирок кээ бир өнөктөштөр буга жардам берүүгө даяр экенин билдирип жатат. Канткенде да азыр саясий-дипломатиялык суроолорго жооп табылбай жатат. Ошол эле учурда аларды алып келгенден кийин социалдык маселе да ачыкка чыгат. Аларга кайсы мекеме көз салат? Кимдин мойнунда болот? Азыр жоопкерчиликти эч ким мойнуна алгысы келбей жатат».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Журналист Алмаз Исманов акыркы үч жылдан бери Сириядагы жана Ирактагы качкындар лагериндеги абалды өз алдынча иликтеп, ал жактагы негизги көйгөй катары гуманитардык жардам токтогондуктан азык-түлүк тартыш экенин айткан. Ошондой эле лагерлерде коронавирус илдети чыгып, медициналык жардамга суроо-талап күчөп кеткендиктен өлүм-житим көбөйгөнүн билдирген.

Ушул күндөрү качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатат.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар. Ал жакта жашагандар лагерде темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына айтып беришкен.

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG