Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Сирияда калгандарды алып келүү иши кечеңдеди


Лагердеги аял. Сирия.
Лагердеги аял. Сирия.

Кыргызстан Сирия менен Иракта калып кеткен кыз-келиндерди жана балдарды алып келүү аракетин көрүп жатканы менен аны ишке ашыра элек. Балдардын ата-энелери менен жакындары бул боюнча бийликтен байма-бай жардам сурап жатат.

Кара-Балта шаарынын тургуну Рамас Сариев алты жылдан бери Сирияга кеткен эки кызын жана аялын кайтарууга жардам берүүнү бийликтен суранып келет. Анын эки кызы 2014-жылы Сирияга кетип калган. Бул учурда алар 18-19 жашта болгон.

Кыздарын мекенге кайтаруу үчүн алардын артынан барган кош бойлуу аялы да тузактан чыга албай калган. Андан бери эки кызы экиден балалуу болгон. Ушул тапта Сариевдин аялы, эки кызы, уулу жана төрт небереси Сирия менен Түркиянын чек арасында жайгашкан “Рож” лагеринде күн кечирип жатат.

Сариев үй-бүлөсүн Кыргызстанга кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жардам сурап барганын айтууда.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү өткөндө Сириянын борбор шаары Дамаскка барып келишиптир. Ал жакка барган кыргыз делегациясы Сириянын бийлик өкүлдөрү менен жолукканын Интернеттен көрдүк. Андан соң 10-15 ата-эне ТИМге барып “эмнени чечип келдиңер, балдарыбызды качан алып келесиңер” деп сурадык. Алар “так айта албайбыз” деп жооп беришти. Менимче, алар муну сыр кылып сактап турат. Андан кийин УКМКга, Муфтиятка кирип чыктык. “Аракет кылып жатабыз, Сириядан жарандарын алып келген Казакстан жана Өзбекстандын тажрыйбасы менен иштеп жатабыз” дешти. Бирок азыр алар бул маселени чече алчудай эмес».

Рамас Сариев жакындары менен Интернет аркылуу байланышып турат.

“Prevention media” платформасынын негиздөөчүсү Алмаз Исманов жакынкы үч жылдан бери Сирия жана Ирактагы качкындар лагериндеги абалды өз алдынча иликтеген.

Март айынан бери гуманитардык жардамдар токтогон экен.

«Сирияда саясий кырдаал бир аз калыпка түшүп калды. Расмий бийлик көзөмөл кылган аймактар көбөйүп жатат. Ошол эле кезде Сириянын түндүк-чыгышы менен түштүк-чыгышында эки лагерь калды. Алар Рукбан жана Аль-Хол. Борбор Азиянын жарандары Рукбан лагеринде. Мен жакында эле “Save the children” уюмунун билдирүүсүн окудум. Март айынан бери гуманитардык жардамдар токтогон экен. Тамак-аш жетишсиздиги аябай жогору. Өлүм-житим көп. Мындан сырткары лагерде коронавирус чыккан. Лагердеги үч оорукананын бири эле иштеп жаткан экен. Лагердин жетекчилери чет өлкөлүк балдарды алып кеткиле дешкен. Бирок ал жерде канча кыргыз бала бар экени белгисиз. Алардын санын аныктоо да кыйын. Кыргызстан өз жарандарын 2019-жылы сентябрда алып келиши керек. Ошол кезде өкмөттүн расмий сайтында “визалар ачылды, тийиштүү айыптар төлөндү” деп жарыяланган. Бирок кырдаал тез өзгөрүп жатат. Ошол кезде Сириянын генералы Сулейманини өлтүрүп кетишти. Көп өтпөй пандемия башталды. Андан кийин эле Кыргызстанда бийлик алмашты. Ушинтип эле жылып жатат. Ал эми Казакстан 500дөн ашык жаранын алып келди. Өзбекстан да алып келип жатат».

Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатат.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар. Ал жакта жашагандар лагерде темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына айтып беришкен.

Кыргызстанга коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Бирок Кыргызстан бул жаатта иш алып бара элек.

Дин таануу коомдук борборунун жетекчиси Индира Асланова Сириядан Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандар бар экенине токтолду.

Индира Асланова.
Индира Асланова.

«Расмий түрдө Сириядан аялдар менен балдар кайта элек. Ушундан улам Сириядан кайткан жарандарга кыргыз коомчулугунун пикири кандай болорун билгенге аракет кылдык. Мындан сырткары аларга укук талаасында кандай баа берилет деген суроонун тегерегинде анализ кылдык. Биз укук коргоо органдарынан сырткары изилдөө жүргүзүп, Сириядан Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген бир аялды таап, сүйлөштүк. Анын туугандары менен жана ошол жердеги айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен маектештик. Биздин коомчулуктун Сириядан кайтып келгендерди кабыл алышы кыйын. Бирок алар менен иштешкен кризистик борборлор, психологдор жетиштүү».

Борбор Азиядагы дин эксперттери жана ушул жаатта иш алып барган адистер тажрыйба алмашуу иш-чарасын өткөрдү. Жыйын 3-декабрда Бишкекте болуп, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин эксперттери жана адистер онлайн катышты.

Жалпы кызыкчылыктарды издөө боюнча бейөкмөт уюмунун Борбор Азиядагы менежери Асел Абдраманова буларды айтты.

«Сирия менен Ирактан кайтып келген аялдар жана балдарды реабилитация жана реинтеграция маселеси боюнча долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жатат. Долбоордун максаты - Борбор Азия өлкөлөрү арасында тажрыйба алмашуу. Сирия менен Ирактан кайткан жарандарды реабилитация кылуу маселеси бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк масштабда көйгөй жаратууда. Бул боюнча бир дагы өлкөдө атайын программа иштелип чыккан эмес. Ошондуктан буга чейин жарандарын кайтарып келген Казакстан менен Өзбекстандын тажрыйбасы кандай болгонуна көңүл буруп жатабыз».

25-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров учурда Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын балдарына кандай кам көрүлүп жатканына кызыгып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Ализа Солтонбековага суроо берген.

Ализа Солтонбекова Иракта калган балдарды алып келүү үчүн кыргыз өкмөтү далалат кылып жатканын айткан.

«Ушул тапта Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргызстандык бала кармалып турат. Алты жашка чейинкилер апалары менен чогуу, андан улуулары өзүнчө кармалып турат. Биз аларды Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча Тышкы иштер министрлиги менен чогуу аракеттенип жатабыз. Министрлик ал балдарды алып келип, реабилитациядан өткөрүп, андан кийин туугандарына берет. Туугандары ал балдарды күтүп жатат, бизге да «алып келип бергиле», - деп көп кайрылышат».

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Ага ылайык өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, Ирактан 70тей кыргызстандык бала алынып келинери маалымдалган. Бирок өкмөттүн планы эмне себептен жүзөгө ашпай калганы белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта каза болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

XS
SM
MD
LG