Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

ЖАМК: №1 тергөө абагында бир адам ачкачылык жарыялап, оозун тикти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып отурган бир адам сот өкүмүнө каршы ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу 12-мартта “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал адамды Ысык-Ата райондук соту маңзат үчүн беш жылга эркинен ажарыткан. 11-мартта ал мындай өкүмгө нааразылыгын билдирип, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды.

Буга чейин интернетте аталган тергөө абагында жетекчилик алмашканына нааразылык иретинде үч адам оозун тиккени тууралуу маалымат тараган. ЖАМКтын басма сөз кызматы бул кабарды тастыктаган жок.

11-мартта Нарында да абакта отурган бир адам сот өкүмүнө нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаган жана оозун зым менен тигип алган. Ошол эле күнү ал акциясын токтоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG