Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Тогузунчу кабаттан кулаган куруучунун абалы орточо оор деп бааланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жаңы салынып жаткан 14 кабат үйдүн тогузунчу кабатынан кулап түшкөн куруучу баланын абалы орточо оор бойдон туруктуу болууда. Бул тууралуу 12-мартта «Азаттык» радиосуна Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, 19 жаштагы бейтап оорукананын реанимациясына 1-мартта түшкөн. Ички органдарынан операция болгондон кийин хирургия бөлүмүндө которулган:

«Боору жана ичеги-карыны айрылган, мээси чайкалган экен. Жамбаш жана шыйрак сөөктөрү сынган. Биринчи күнү түшкөндө ички органдары тигилген. Кан басымы нормага келгенден кийин бөлүмгө которулган».

Кубатбеков кошумчалагандай, эми бейтаптын сынган жерлерине операция жасалат.

Кырсык 1-мартта Аалы Токомбаев (Түштүк магистралы) көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринде болгонун «Азаттык» радиосуна Октябрь райондук милициясынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, жумушчу бала тогузунчу кабатта курулуш иштерин жүргүзүп жатканда кулап кеткен.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренесинин (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Бишкекте соңку жылдары жеке курулуш компаниялары кабат үйлөрдү көп салып жатышат. Курулушта коопсуздук чаралары камсыздалбагандыктан бул сыяктуу окуялар, адам өлүмү менен коштолгон учурлар буга чейин да катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG