Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

COVID-19: АКШда J&J вакцинасы жактырылды, Жаңы Зеландияда карантин киргизилди


 "Жонсон & Жонсон" (J&J) компаниясынын бир дозалуу COVID-19 вакцинасы.
"Жонсон & Жонсон" (J&J) компаниясынын бир дозалуу COVID-19 вакцинасы.


АКШнын дары-дармектерди көзөмөлдөөчү мекемеси 27-февралда "Жонсон & Жонсон" (J&J) компаниясынын бир дозалуу COVID-19 вакцинасын чукул кырдаалда колдонуу үчүн жактырды. Ошентип, АКШда коронавируска каршы үчүнчү вакцина чыкты.

Соңку кадам өлкөдөгү эмдөө жүрүмүн тездетүүгө жардам берет жана бул вакцина дүйнө жүзү боюнча кошумча ырастоолорго ээ болот деген үмүттү арттырат.

Президент Жо Байден бул "кубанычтуу" жаңылыкты кубаттады, бирок америкалыктарды ден соолук протоколдорун сактоого үндөдү.

"Мен көп жолу айткандай, илдеттин жаңы варианттары тараган сайын, абал мындан дагы начарлашы деле мүмкүн жана азыркы жакшы жакка оңолуу жокко чыгарылышы деле мүмкүн", – деди Байден.

COVID илдетинин жайылышын изилдеген долбоордун маалымдашынча, Кошмо Штаттарда коронавирустун күн сайын жайылышынын көрсөткүчү январь айынын орто ченинде болжол менен 250,000 кишини түзүп, туу чокуга жетсе, азыркы тапта ар күндө дээрлик 70,000 кишилик деңгээлге түштү.

Бирок вирустун өзгөчө тез жайылган жаңы варианттарынын пайда болушу коогалаң коңгуроосун кагууну улантууда. Эми март айына карата “британиялык” деп аталган вариант Кошмо Штаттарда үстөмдүк кылышы мүмкүн.

Коронавирустун “Б.1.1.7” деген аталыш менен белгилүү болгон британиялык варианты Европада да тездик менен жайылып жатат. Эмдөө өнөктүктөрү жүрүп жаткан мезгилде эле бир нече өлкөлөрдө пандемиянын үчүнчү толкунунун пайда болушунун ыктымалдыгы күчөдү. Учурда Европа Биримдигинин көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир чектөөлөрдүн же карантиндин шартында жашап жатат.

Франциянын Ницце жана Дюнкерк шаарларында карантин киргизилди. Чехия да карантин шарттарын күчөттү.

Ошол эле учурда, буга чейин пандемияга карата өрнөктүү жооп кайтарып келди деп эсептелген Жаңы Зеландиянын бийлиги 28-февралдан тартып өлкөдөгү эң ири шаарды – Оклендди кайрадан карантинге киргизди. Мында да коронавирустун британдык түрү санааркоо жаратты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн айым өлкөдө коронавирустун жайылышынын себептеринин бири катары өзүн-өзү обочодо кармоо эрежесин сактоого милдеттүү болгон айрым тургундардын жоопкерчиликсиз жүрүм-турумун өзгөчө белгиледи.

XS
SM
MD
LG