Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Өкүлдөр үйү Байдендин коронавирустук жардам пакетин жактырды


Капитолий. Вашингтон. 2021 жылдын 9-февралы.
Капитолий. Вашингтон. 2021 жылдын 9-февралы.

АКШнын президенти Жо Байдендин 1,9 триллион долларлык коронавирустук жардам көрсөтүү пакети Конгресстин Өкүлдөр үйүндө жактырылды. Мыйзам долбоору 27-февралда таңга жуук өткөн добуш берүүдө 219–212 катышында кабыл алынды. Бир дагы республикачыл конгрессмен мыйзам долбоорун колдоп добуш берген жок.

Мыйзам долбоору эми Демократиялык партиянын көзөмөлүндөгү Сенатка жөнөтүлөт. Сенат буга чейин эле негизги маселеге – АКШнын минималдык эмгек акысын эки эсеге көбөйтүп, саатына 15 долларды түзүү сунушуна бөгөт койгон.


Байден президенттикке талапкер кезинде өлкөнүн минималдык айлык акысын саатына 7,25 доллардан 15 долларга чейин көтөрүү боюнча үгүт иштерин жүргүзгөн.

Жардам пакети көпчүлүк америкалыктарга тикелей 1400 долларлык чектерди берүү жана, ошондой эле, вакциналарды жеткирүүнү күчөтүү, мектептердин ачылышына жардам берүү жана штаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоо үчүн миллиарддаган доллар бөлүү чараларын өзүнө камтыйт.

Ошондой эле, бул пакет жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөөнү жана ижара акысын төлөй албай кыйналып жаткан миллиондогон кишилерди ижарадагы батирлеринен чыгарууга мораторийди узартат.

Байден пакет коронавирус шартында оор абалда калган америкалыктарга көмөк болот деди. Бирок республикачылар план өтө эле ашыкча болуп калды жана ага пандемия менен эч байланышпаган саясат да киргизилген деп эсептешет. (TT)

XS
SM
MD
LG