Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

АКШ кутумчулар бийлеп калган Бирмага көмөк программасын кайра талдайт


Бирманын мамлекеттик кеңешчиси (өкмөт башчысы) Аун Сан Су Чжи. Нейпйидо (Нейпьидо) шаары. 2017-жылдын 19-сентябры.
Бирманын мамлекеттик кеңешчиси (өкмөт башчысы) Аун Сан Су Чжи. Нейпйидо (Нейпьидо) шаары. 2017-жылдын 19-сентябры.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Бирманын аскер жетекчилигинин соңку иш-аракетин «кутум» деп жарыялады жана бул өлкөгө көрсөтүлчү жардам маселеси кайрадан карала турганын маалымдады.

АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлүнүн 2-февралындагы айтымына караганда, Кошмо Штаттар Түштүк-Чыгыш Азиядагы «Мьянма» деп да аталган бул өлкөгө гуманитардык багытта жардам бере бермекчи, бирок көмөктүн түрлөрүн терең талдап чыгат.

2012-жылдан тартып бул өлкөдөгү демократиялык жүрүмдү, жарандык тынчтыкты жана зомбулуктан жапа чеккен азчылыктарды колдоо максатында Вашингтон 1,5 миллиард долларлык жардам берген.

Бирманын (Мьянманын) кутумчулар кармап кеткен 1-февралга чейинки өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи айымдын партиясынын өкүлү болгон аткаминер бул айымдын саламаттыгы дурус жана ал кармалып турган жеринен эч жакка которулбай турганын шейшембиде билдирди.

Аун Сан Су Чжи өлкөнүн борбору Нейпйидо (Нейпьидо) шаарында дүйшөмбү күнү аскердик кутум маалында кармалган болчу.

Өлкөнүн эң ири шаары болгон Янгон шаарында шейшембиде калайык кутумчуларга каршы чыга баштады. Алар көчөгө чыга алышкан жок, бирок идиш-аякты калдыратып, автоунаалардын сигналын басып өз нааразылыгын билдиришүүдө.

Былтыр ноябрда өткөрүлгөн шайлоолорду аскер жетекчилиги бурмалоо менен коштолду деп айыптаган. Андан бери аскер жетекчилиги менен өкмөттүн ортосундагы мамилелерде чыңалуу байкалган.

АКШнын президенти Жо Байден 1-февралда Бирмадагы окуяларды өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары кескин айыптады. (TT)

XS
SM
MD
LG