Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

COVID-19: Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бир мектеп коронавируска байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу 24-февралда "Азаттык" радиосуна борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын басма сөз катчысы Мээрим Халиалдаева билдирди.

Анын айтымында, эки апталык карантинге №70 гимназия мектеби жабылды:

"14 күнгө. 19-февралдан баштап".

Маалыматка караганда, мектепти жаба турууну Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемеси сунуш кылган. Буга эки окуучудан жана эки мугалимден коронавирус аныкталганы себеп болгон.

Бишкекте коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылган мектептер толук ачыла элек. Азыр 1, 5, 9 жана 11-класстын гана окуучулары кадимки тартипте окуп жатышат, калган класстар аралыктан окууну улантууда. Бул илдеттен Кыргызстанда 1,5 миңдей адам каза болду, оору жугузуп алгандар 90 миңге чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG