Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

АКШда COVID-19дун курмандыктарын эскерүү үчүн беш күнгө туулар түшүрүлдү


Аза күтүү учурунда
Аза күтүү учурунда

АКШда коронавирус инфекциясынан каза болгондор 500 миңге жеткени үчүн өлкөнүн туулары беш күнгө түшүрүлдү.

Президент Жо Байден, вице-президент Камала Харрис үй-бүлөсү менен Вашингтондо аза күтүү мүнөтүн өткөрүштү.

Байден элге кайрылуу жасап, пандемия менен күрөштө бет кап кийип жүрүү, тазалыкты сактоо маанилүү экенин белгиледи. Бир жыл ичинде оорудан каза болгондор Биринчи, Экинчи дүйнөлүк жана Вьетнам согуштарында курман болгондордун санынан ашып түшкөнүн айтты.

Мамлекеттик жана федералдык мекемелерге туулардын баарын түшүрүү буйругу берилди.

Байден өз кайрылуусунда пандемиянын кесепетинин мындай оор болушуна туура эмес маалымат таратуу саясаты себеп болгонун айтып, мындан ары оору менен күрөшүү бирдиктүү улуттук стратегияга айланарын баса белгиледи.

АКШда коронавирустан каза болгондордун саны дүйнөдөгү көрсөткүчтүн 20% барабар. Оору жуккан жана каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттары дүйнөдө биринчи орунда турат.

22-февралда бул өлкөдө коронавирустан каза болгондор 500 миңге жеткени кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG