Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Словакияга орусиялык “Sputnik V” вакцинасынын алгачкы тобу жеткирилди


Австрия-Словакия чек арасында. 2021-жылдын 15-февралы.
Австрия-Словакия чек арасында. 2021-жылдын 15-февралы.

Словакия коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасынын 200 миң дозадан турган алгачкы тобун 1-мартта кабыл алды. Ошентип, бул өлкө Европа Биримдигинин орусиялык вакцинаны кабыл алган экинчи мүчө өлкөсү болуп калды.

"Словакия өткөн аптада киши башына алганда COVID-19га байланыштуу өлүмдүн дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчү катталган өлкө болду", деп маалымдайт “Биздин Дүйнөбүз Маалыматтарда” аттуу интернет барагы.

Евробиримдиктин дары-дармекти көзөмөлдөөчү органы – Европа дары-дармек агенттиги (EMA) тарабынан азырынча Орусиянын вакцинасы расмий жактырыла элек. Ушуга карабастан Венгриядан кийин эле Словакия да ички мамлекеттик чечими менен “Sputnik V” вакцинасын колдонууну туура тапты.


Словакиянын премьер-министри Игорь Матович 1-мартта: "Орусиянын вакцинасын сатып алуу абдан туура, анткени “COVID-19” илдетинин геосаясат жөнүндө иши да жок", – деп билдирди. Матович мырза өзү да орус вакцинасы менен эмделгенге эч каршы эместигин кошумчалады.

Словакия “Sputnik V” вакцинасынын 2 миллион дозасын сатып алмакчы жана анын биринчи жарымы ушул айда эле толук жеткирилет деп күтүлүүдө.

Словак саламаттык сактоо министри Марек Крайчи “Sputnik V” вакцинасын колдонуу сунушу 1-мартта жактырыла тургандыгын жана эмдөөлөр бир нече аптанын ичинде башталышы мүмкүн экенин билдирди.

Матович 1-мартта Косице аба майданында басма сөз жыйынын өткөрүп жатып: "Менин артымды карасаңыздар, “Sputnik V” вакцинасынын алгачкы тобу жеткирилгенин көрө аласыздар", – деп журналисттерге айтты. Бул эмдөө заты Орусиядан учак менен жеткирилди.

Коңшулаш Чехияда премьер-министр Андрей Бабиш илдеттин жугузулушу боюнча дүйнөдөгү калктын жан башына карата эң жогорку көрсөткүчтү түзүп жаткан өз өлкөсү “Sputnik V” вакцинасын колдонуу менен алааматтуу коронавирус илдетине каршы туруштук берүүсүн күчөтмөкчү, деп билдирди.


2020-жылы август айында Орусия бийлиги “Sputnik V” вакцинасын жактырган, ал COVID-19 илдетине каршы эмдөө заты катары жактырылган дүйнөдөгү биринчи вакцина болуп калган. Бирок ал 3-баскычтагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чыга электе эле эрте катталып калгандыктан, дүйнө жүзү боюнча илимпоздор анын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна күмөн санап келишкен.

Ал эми быйыл февраль айынын башында “Лансет” (The Lancet) медициналык журналында жарыяланган көз карандысыз сынактын жыйынтыктарына караганда, “Sputnik V” вакцинасынын эки дозасынын кубаты “COVID-19” илдетине каршы 91,6 пайызга натыйжалуу болуп чыкты. Бул көрсөткүч Батышта өндүрүлгөн алдыңкы вакциналар менен бирдей деңгээлде болду.

Германиянын “Цайт” (Die Zeit) басылмасы немис саламаттык сактоо министри Йенс Шпандын бул орусиялык вакцинаны Германияда өндүрүү мүмкүнчүлүгү деле ыктымалдан алыс эмес, деп айтканын 3-февралда жарыялаган.
Учурда орусиялык бул вакцина дүйнөдөгү 30га жакын мамлекетте колдонуу үчүн жактырылды. (TT)

XS
SM
MD
LG