Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

УКМК: Саламаттык сактоо министрлиги жабдыктарды кымбат баада сатып алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы медициналык жабдыктарды базар баасынан үч эсе көп көрсөтүп, сатып алганы аныкталды. Мындай маалыматты 26-мартта Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) таратты. Ага ылыйык, аталган министрлик 67 даана жасалма желдеткич аппаратын 1,8 миллион долларга алганын көрсөткөн. Бирок атайын кызмат бул жабдыктардын жалпы баасы 600 миң доллардан ашпайт деп билдирди.

Мындан тышкары баасы 7900 долларлык буюмдар министрликтин документинде 30 миң доллардан алынганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле балдарга ылайык 27 даана желдеткич аппараттын ар биринин баасы 10 миң доллардан 25 миң долларга көтөрүлүп кеткени аныкталган.

Cаламаттык сактоо министрлиги жабдыктарды 2020-жылы пандемия учурунда Кыргызстанга келген гранттардын жана насыялардын эсебинен алган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ыкчам-тергөө жүрүп жатат. Министрлик атайын кызматтын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG