Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Ташиев: "Камбар-Ата-1" ГЭСи 2 млрд долларга курулат


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Камбар-Ата-1» гидроэлектростанциясын Өзбекстан менен чогуу куруу наркы 2 миллиард доллар деп болжолдонууда. Бул тууралуу 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

«Өзбек мамлекети менен чогуу «Камбар-Ата-1ди» курабыз. Өмүр бою аны өзбектер башкарып каларын айтып жатышат. Андай болбойт. Биз жерди, сууну берсек, документтерин ырастап берсек, анан пайыздык бөлүштүрүүнү аныктайбыз. 2 миллиардын иштеп тапканча алар ошол жакта болот, 10, 20 же 25 жыл болобу, көрөбүз. Алар акчасын алып кеткенден кийин ГЭС бизде калат. Кийинки муундар пайдаланат. Бизге чейин күтүп отура берип эмне кылышты? Эч нерсеси жок калдык, электр энергиясы жетпей жатат. Чогуу курушубуз керек. Жакшы шарттарды аныктап берүүбүз зарыл».

Ташиевдин айтымында, бул ГЭСти чогуу куруу сунушу менен президент Садыр Жапаров Орусияга жана Казакстанга сапарлары учурунда бул өлкөлөрдүн жетекчилигине кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Орусия «Силерде электр энергиясы арзан, салган акчабыз акталбайт экен» деп, Казакстан «Электр энергиясы өзүбүздө көп. Ал жерге акча салганга биз шашпайбыз» деп жооп беришкен.

Нарын дарыясына курулчу «Камбар-Ата-1» станциясы «Токтогул» ГЭСине караганда электрди көп чыгара турган ишкана болору айтылып келет. Аны курууга өзбек тарап катышары тууралуу айтылгандан бери "Өзбекстандын катышуусу кандай болот? Үлүш кандай бөлүштүрүлөт?" деген суроолор айтылып жатат.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 23-мартта “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстан аны өзүнүн күчү менен кура албай турганын, эгер Өзбекстан менен келишим түзүлсө өзбек тарап капитал салуучу гана ролдо болорун айткан жана “Башкаруу, өндүрүлгөн энергия өзүбүздө болот. Менчик биздики болот. Алар болгону капитал гана салат” деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG