Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

27-марттын аба ырайы


Кегети.
Кегети.

27-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 13…18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 18…20 градус.

XS
SM
MD
LG