Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Молдовада экинчи жолу өкмөт башчы шайланбай калды


Молдованын социалисттер басымдуулук кылган парламенти экинчи жолу өкмөт башчыны беките алган жок. Премьерликке сунушталган Игорь Гросу жетиштүү добуш топтой албады.

Добуш берүүнүн алдында парламентте көпчүлүктү түзгөн социалисттер менен «Молдова үчүн» блогунун депутаттары жыйындан чыгып кетишти.

Батышты жактаган «Аракет жана тилектештик» партиясынын лидери Гросунун талапкерлигин премьер-министрликке президент Майя Санду өткөн аптада сунуштаган.

Ал эми орусиячыл Социалисттик партия альтернативдүү талапкер катары Молдованын Орусиядагы элчиси Владимир Головатнюкту сунуштаган.

Молдовада ушуну менен экинчи жолу өкмөт башчы шайланбай калды. Февраль айында Санду сунуштаган Наталья Гаврилицанын талапкерлиги да өтпөй калган. Конституция боюнча эми 45 күндүн ичинде жаңы премьер-министр шайланбаса, президент парламентти тарата алат.

Өткөн жылдын ноябрындагы шайлоодо мурдагы президент Игорь Додонду утуп алган Майя Санду былтыр 24-декабрда кызматка киришкен. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG