Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди


Камчыбек Ташиев маалымат жыйында. 26-март, 2021-жыл. Бишкек.
Камчыбек Ташиев маалымат жыйында. 26-март, 2021-жыл. Бишкек.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта басма сөз жыйын куруп, Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Чек ара маселесине чекит коюлабы?

Камчыбек Ташиев маалымат жыйында “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "чек ара маселеси 100%" чечилди деп билдирди.

Анын айтымында, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду. Ташиев мындан ары ортодо талаштуу деген тилкелер болбой турганын белгиледи.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10% жакыны такталганы буга чейин айтылып келген.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып турат.

"Жер берилбейт, алмашуу болот"

Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесин кароодо мындан ары жер тилкелерин өткөрүп берүү болбой турганын, эми алмашуу гана болушу мүмкүн экенин айтты. Анын маалыматына караганда, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Протокол тийиштүү мекемелерде макулдашылып, президенттер кол койгондон кийин парламенттердин ратификациясынан өтүшү керек болот.

“Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95% өзбек тарап колдонот. Биз тарапка Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды. Кара-Белес участогунан 25 гектар жерди кайрадан алдык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү” деди.

УКМК төрагасы билдиргендей, Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жердеги Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өткөнүн билдирди.

"Кыргыз айылдарынын жайлоосу бар жер толук бизге жазылмай болду”.

Ошону менен катар Ташиев “Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык” деп белгиледи.

“Кемпирабад суу сактагычы болжол менен 5737 гектар. Ошол жерден 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат, алар тосмо койбойт суунун чекесине”.

"Сох анклавына коридор берилбейт"

Ташиев Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү посттору ачыла турганын билдирди. Анын айтымында, посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил машинелер өтө алат.

“Тараптар макулдашты. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Риштан-Кайтпас жана Өтүкчү-Тул чек ара бекеттери ачылат. Сохто эч кандай коридор жок”, -деди Ташиев.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат таратып, расмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин айткан. Жашоочулар чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын, Өзбекстан Кыргызстанга талаш жараткан Аксыдагы Үңкүр-Тоону берүүгө даяр экенин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта “Азаттык” радиосуна бул маалыматты төгүндөгөн.

Ворух анклавы алмаштырылышы мүмкүн

УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берген учурда Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр экенин белгиледи.

“Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлеринен алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек”.

Ал Тажикстандын Ворух анлавындагы маселени чечүү үчүн мындан башка да сунуштар болгонун кошумчалады.

“Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Бул анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана, пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот”.

16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн.

Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация барды.

Сүйлөшүүгө Тажикстан тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштаган расмий кызмат адамдары катышты. Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Ал эми Ташкентте Ташиев жетектеген чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация 24-25-мартта болгон. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүү жүргөн. Делегация чек ара боюнча өкмөт аралык жыйынга да катышкан.

XS
SM
MD
LG