Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Бийликтин чек ара билдирүүсү талаш жаратты


Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Кыргыз бийлиги өлкөнүн аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам ачууга даяр экенин билдирди. Президенттин аппараты өзбек тарап Кыргызстанга талаштуу Үңкүр-Тоо аймагын бере турганын жарыялады.

Бул маалыматты коомчулук бир кылка кабыл алган жок. Аксы районунун жергиликтүү тургундары Үңкүр-Тоо Кыргызстандыкы экенин айтып, президенттик аппараттын билдирүүсүн сындашты.

Ошол эле кезде Сох анклавына жол ачылса, Баткен облусу өзү анклавда калат деген кооптонуулар айтылууда.

Президенттин аппараты кайра тактоо киргизип, кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экенин кабарлады.

Басма сөз катчынын билдирүүсү

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анын комментарийи 13-мартта президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, эки тарап кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүшү керек деген жыйынтыкка келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек арада туруктуулукту камсыз кылары айтылды.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт. Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тиреш жаратып келген Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) аймагын берүүгө даяр», - деп айтылат расмий маалыматта.

Галина Байтерек чек араны делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечерин билдирди.

Сох анклавы жана Үңкүр-Тоого байланыштуу президенттик аппараттын маалыматы кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар.

Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан.

Үңкүр-Тоонун талашы

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу Үңкүр-Тоо тууралуу мындай деди.

«Кылымдардан бери эле кыргыздардын жери болгон. 110-113-114-участкаларды тактала элек аймактар деп коюшкан. Бул жерлер биздики да, Өзбекстандыкы да эмес деп эсептелип жүргөн. Ал эми Унгар-Тоонун (ред: Үңкүр-Тоо. Жергиликтүүлөр Унгар-Тоо деп айтып жатышат) үстүндөгү жер тактала элек. 1990-жылдары жазылбай калып кеткен. Бирок тарых боюнча айтсак, бул жер башынан эле кыргыздардыкы болгон. Ал жерге биздин эл малын баккан. Анан эле Өзбекстан Унгар-Тоону (ред: Үңкүр-Тоо) менчиктештирип туруп кайра бизге белекке береби?».

Ушундай эле пикирин Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев да билдирди.

Үңкүр-Тоого байланыштуу чыр акыркы жолу 2016-жылы чыккан. Ошол жылдын 22-сентябрында Өзбекстандын чек арачылары Үңкүр-Тоодогу Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. 22-августта тик учак менен келип, жети өзбек милиция кызматкерин калтырып кеткен. 26-августта коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп жарыялаган. Өзбек тарап милиция кызматкерлерин кайра 18-сентябрда чыгарып кеткен.

Үңкүр-Тоо. Архив.
Үңкүр-Тоо. Архив.

Эргешалы Озокеев бул окуядан кийин Кыргызстан Үңкүр-Тоодогу РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясынын бир бөлүгүн Бозбу тоонун боорундагы Ителги тумшугуна көчүрүп кеткенин кабарлады.

Чек араны тактоо боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов Үңкүр-Тоого байланыштуу талаш-тартыш тууралуу «Азаттыкка» буларды айтып берди.

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

«Үңкүр-Тоонун бир бөлүгү Кыргызстанга, бир бөлүгү Өзбекстанга тиешелүү. Тоонун чокусунда Өзбекстанга тиешелүү жерде Кыргызстандын радиорелейлик станциясы бар. Биздин станция тургандыктан ошол жерди Кыргызстанга бергиле деген маселе коюлуп келген. «Анын ордуна башка жер берип алмашуу жолу менен маселени чечиш керек» деген. Бирок чечилбей эле келаткан».

Ал тапта Галина Байтерек биринчи комментарийине түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Үңкүр-Тоо Кыргызстандын жери. Бирок көп жылдардан бери коңшу өлкөнүн тургундары бул тоого байланыштуу талаш-тартыш жаратып келген. Өзбекстан эми мындан ары Үңкүр-Тоонун талаштуу аймагын талап кылбоо тууралуу убада берген.

Сох анклавына каттам кандай болот?

Бул үчүн Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин билдирген. Президенттин аппараты кайра тактоо киргизип, кыргыз тарап Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экенин кабарлады.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Сохко байланыштуу кылдат көңүл бура турган маселелер бардыгын эскертти.

Мамат Айбалаев.
Мамат Айбалаев.

«Коридор ачылса анын туурасы канча болорун такташ керек. Мисалы, Курманбек Бакиевдин убагында 200 метр деп айтылган. Коридор болобу же жөн эле жол берилеби? Бакиевдин тушундагыдай аймак берилип, ал жерди Өзбекстан көзөмөлгө алса бизге кыйын болуп калат. Жөн эле жол ачылган убакта да аны дыкат караш керек. Бүгүн Өзбекстан менен мамилебиз жакшы. Бирок эртең эмне болору белгисиз да. Каримовдун убагында 25 жылдай тирешип жашадык. Эми жолду ачып койсок, андан ары кандай болорун да ойлонуп коюшубуз керек».

2001-жылы Кыргызстандык ошол кездеги премьер-министри Курманбек Бакиев өзбекстандык кесиптеши менен Сохко коридор ачуу тууралуу атайын меморандумга кол койгон. Кыргызстандын Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары Өзбекстандын ичиндеги анклавы болуп каларын түшүнүп кайра нота жиберген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолугуп, айрым чек ара аймактарында маселе жер алмашуу менен чечилерин айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Биз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын бирөөлөргө берип коёлу деген оюбуз жок. Ошондуктан кээ бир жерлерди биз аларга беребиз. Айрым жерлерди биз алардан алабыз. Сүйлөшүү, алыш-бериш менен гана маселе чечилет. Бул бардык жерди биз алып, биз каалагандай чечиле турган иш эмес. Туура, кээ бир жерде ичиң ачышат. Бул жердеги 10ду алыш үчүн эки-үчтү бергенге туура келет. Ушуну туура түшүнүш керек».

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% 2017-жылга чейин такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. Бирок алар өкмөттөр жана парламенттер ортосунда бекитилип, ратификациядан өтүшү зарыл. Азыркы сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилкенин алкагында жүрүп жатат.

Чек ара чатактарын чечүүнүн кандай жолдору бар?

Ушул тапта Борбор Азияда сегиз анклав бар. Алар Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга тиешелүү аймактар.

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө анклавдары бар. Тажикстандын Кыргызстанда Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. Ал эми Өзбекстанда Сарваксай тажик анклавы, Кыргызстандын Барак айылы турат.

Булардын ортосунда алгач делимитация иши 1924-27-жылдары болуп, ал тушта маселе Москва тарабынан “кайсыл улут каерде көбүрөөк отурукташканына жараша эле” чечилип калган.

Өзбек-кыргыз кызматташтыгы

Садыр Жапаровдун 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономикалык да маселелер талкууланды. Кыргыз президентинин аппаратты кабарлагандай, жалпысынан 22 документке жана президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.

Өнөр жай боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү тууралуу практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы») түзүлүп, жалпы суммасы 550,4 млн. АКШ долларын түзгөн 60 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Жакынкы мезгилде кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзүп, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт.

Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр. Саламаттык сактоо багытында Кыргызстанга 20 "Тез жардам" автоунаасы тапшырылды.

Андан тышкары жакынкы аралыкта эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Пикирлерди көрүңүз (42)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG