Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Аксы: чек арадагы жерден чыккан суроо


Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуу. Аксы.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуу. Аксы.

Аксы районунун жергиликтүү тургундары жана активисттери чек араны тактоодо Кыргызстан бул аймактан Өзбекстанга жерди ашыкча берип жатат деп эсептешүүдө. Бул боюнча президентке жана Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдоп, өз жүйөлөрүн келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты жана чек ара боюнча тиешелүү жергиликтүү адис тынчсызданууга негиз жоктугун, бардыгы кылдат иликтөөлөрдүн негизинде ишке ашып жатканын билдиришти.

Абдыганы Райымовдун беш гектардай терекзары кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан. Райондун Дейрес айылынын тургуну жерин 1992-жылдан бери өздөштүрүп келет.

Чек ара тилкесинин такталып жатканы анын тынчын албай койгон жок. Маңдай тер төгүп өстүргөн терекзарынын бир бөлүгү чек арага берилип жатканына ичи ачышып турган кези.

"Беш гектар жерди иштетип келем. Бак тигип, терекзарга айланттым. Мурда чек ара биздин бактан 150 метр алыстыкта турат деп айтышчу. Тактоо иштеринен кийин бир гектардан ашыгыраак терекзарым өзбек тарапка өтөрүн айтышты. Бул кабарды былтыр күз айларында райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн келип айтышты. Ага чейин эч кандай тоскоолдуксуз эле пайдаланып келгем. Андай болсо бак үчүн кеткен чыгымды ким төлөп берет? Жооп берген киши жок. Суу чыкпаган жерге алмаштырабыз деп жатышат. Мен макул эместигимди айттым. Маселе чечилбей турат".

Дейрестеги ээн калган үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Маселенин баары Аксы районунун Өзбекстан менен чек аралаш аймагында жайгашкан Дейрес-Өрүкзар участогундагы 130 гектар жеринен чыккан. Айылдыктардын айтымында, тактоо иштеринин натыйжасында 89 гектар жер кыргыз тарапка, калган 54 гектары Өзбекстанга таандык экени көрсөтүлгөн.

Ыктыярдуу чек арачы жана жарандык активист Бакыт Узенбаев чек ара маселеси мындай чечилбеши керек деген пикирде.

"Былтыр чек араны тактаган комиссия келип, эл менен жолуккан. Түшүнүксүз сөздөрдү айтып, кетип калышты. Эми болсо өзбек чек арасынын командирлери келип, кыргыз чек арачылары турган жерден 10 метр артка жыласыңар деп жатат. Талаш маселенин баары эми билинип жатат. Мурда бул жерлерди өзүм тегиздеп, чек арачыларга кайтарууга ылайыктуу кылып даярдап бергем. Узун кеткен асфальт жол жана союз учурунда курулган суу түтүктөр бизде калган. Азыр эми булардын баары аларга берилет экен. Чек ара ыйык жана кол тийгис дейт. Бирок аны караган комиссия элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон жок. Тортко окшоп эле жерлерди бөлүп берип жатат. Ошондуктан эски карталарды көтөрүп, чек арадагы жерди кайрадан тактоо керек. Кандайча биз пайдаланып келген жер өзбек тарапка 54 гектар болуп өтүп кетет?".

73 жаштагы Авлетим айылынын тургуну Касымбек Соорбеков 1978-жылдары ушул райондо жерге жайгаштыруу боюнча адис болуп иштеген. Ал кездери Ош облусуна караган Аксы районунун жер адиси Соорбеков алгачкылардан болуп кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин көтөргөнүн айтууда.

"Аксыда 14 жерде такталбаган участка чыккан. Мен ал учурда райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүндө жетекчи элем. 1978-1979-жылдары чек араны эки тараптуу тактаганбыз. Өзбекстандын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Наманган облустук бөлүмүнүн директору Нуридинов, облустук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы Имидинов, үч райондун жер адистери чогулуп, баарын такташканбыз. Ошол учурда өзбек тарап курган асфальт жол 93 гектар жери менен бизге өткөн. Казык кагып, коңшулар менен баарын өз ордунда тактаганбыз. 1955-жылы Абды Сүйөркулов менен Мухидинов кол койгон кыргыз-өзбек биргелешкен келишимине ылайык иш кылганбыз. Картага ылайык Дейрестин Торпок-Түштү сайынан чыгышты көздөй, алтынчы белгиден 661-7ге чейин караганыбызда, Дейрес айылына бурула турган бурчтагы куурдан 81 метрге чейинки аралык биздин жер экени аныкталган. Ошондо 93 гектар жер Кыргызстанга таандык болгон. Эмнеге азыркы тактоодо 89 гектарга түшүп калганы түшүнүксүз".

​Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен 725 чакырым жеринен 80 чакырымы учурда тактала элек. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов буга чейин билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 476 гектар жер Кыргызстанга калып, 241 гектар жер коңшу өлкөгө берилген. Ал эми талаштуу Үңкүр-Тоо боюнча тараптар бир пикирге келе элек. Акматов Дейрестеги маселе боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин айтууда.

"Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Өрүкзар участогунун №138 чекитинен №142 чекитине чейинки аралыктагы 130 гектар жердин баары сүйлөшүлөрдүн негизинде бизге алынган. Туура, ал жердин 89 гектары бизге, калган 54 гектары Өзбекстанга таандык болгон. Бирок иш жүзүндө 54 гектарды биздин жарандар пайдаланып келгендиктен сүйлөшүү аркылуу алганбыз. Азыр дагы тактоо иштери толук аягына чыга элек".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов бул багытта төмөнкүлөрдү айтты:

"Өткөн айда Дейрес айылынан келген делегаттарды кыргыз өкмөтүнүн чек аралар маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен жолугуштурганбыз. Искандаровдун иш бөлмөсүндө айылдыктар 100 миң масштабдагы карта менен көргөндө, түшүнө албай коюшкан. Бир жума мурда Дейреске беш адамдан турган өкмөттүн комиссиясы кайрадан барып, тактоо иштерин жүргүзүп келишти. Кайрадан тактап жатышат. Бул маселе албетте менин көзөмөлүмдө турат. Эч нерсе унутулган эмес".

Учурда эки мамлекеттин ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумушчу топтору тынбай жолугушуу өткөрүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG